Төрөбай Зулпукаров кошомат кылуунун “отличнигине” айланганда


Садыр Жапаров ноокаттыктарга жолугушканын билебиз. Ошондо бусиктер менен Төрөбай Зулпукаров эл ташып, колдон келишинче кошомат кылганы кандай? Тилекке каршы, Төрөбайды ал жердеги кыйындар эл астына чыгарышпай, сүйлөтпөй коюшканын каңкуулашты. Ушунчалык да 180 градуска бурулуп кетеби? Атамбаевдин арты менен Зулпукаров 2010-жылы депутат болуп, агезде бийликке таянуу менен Жапаровго кыр көрсөткөндөй жүргөнүн унуттукпу? Кийин Сокенин доору башталганда Асылбек Жээнбековдун оң колуна айланып, ал үчүн парламентте адвокатындай кызмат кылганы элдин эсинде. Ишенимге кирген соң “Биримдикти” каалаганындай калчап, парламенттик шайлоодо күпүлдөп, мындан өткөн “баатыр” жок эмес беле? Октябрь төңкөрүшүнүн эртеси эле Асылбектен жүзүн дароо буруп, секирип кеткенин кантебиз? Эми болсо Садырга “пахта коюп” жүрөт. Же Зулпукаров бир нерседен аярлап, кылмыш иштери козголуп кетүүдөн коркуп атабы?..
"Азия Ньюс" гезити











