Каргашага Адахан Мадумаров күнөөлүүбү?
“Кабар медиа” каналына журналист Нышанбек Кочкоров интервью берип, “Аксы окуясы териштирилип бүтө элек, эч ким жазаланган жок” деп жаңы жагдайларды алып чыкты. Анын айтканына ишенсек, 7 кишинин өмүрүн алган Аксы окуясы боюнча негизги күнөөкөр Адахан Мадумаров болуп жатат. Н.Кочкоров “чагымчыл маалымат тараткан” деп А.Мадумаровдун 2002-жылы мартта парламентте “в конце прошлой недели, уважаемые коллеги, депутат Азимбек Бекназаров жестоко избит. В камеру вошли двое в масках, его жесточайшим образом избили” деген сөзүн келтирди. “Азаттыктын” кеңсесиндеги маегинде да Азимбек Бекназаровдун камакта жатып сабалганы боюнча маалыматты “мен тараткам” деп А.Мадумаров мойнуна алып жатат. Чындыгында Азимбек Бекназаров сабалган эмес, Аксы окуясы каңшаардан улам тутанып, күчөп кеткени белгилүү. Ал эми Адахан Мадумаров Аксы окуясы боюнча айткан ошол сөзүн азыр да кайталай алабы, же танып кетеби?
"Азия Ньюс" гезити