“Укук коргоо органдары муфтиятка, молдокелерге шайлоого кийлигишпөө боюнча катуу эскертүүлөрдү бериши кажет”


-- Алдыдагы парламенттик шайлоодо кыйыр түрдө диний үгүткө ыктоо, мечиттерди, молдокелерди пайдалануу жагына көзөмөл салынабы? Дин саясаттан тышкары экени мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок ар бир эле шайлоодо бул маселеге кайдыгер каралып келет го?

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:
-- Эл баарын байкайт, баарына баа берип отурат. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында оронгон-чулганган, ээгине эрбейткен сакалдарын койгон ашкере динчил депутаттарды көрдүк. Айта турган кептери жок, ар кайсыны динге байламыш этет. Өөдүк-сөөдүк сүйлөшүп, жок дегенде ыйык китеп болгон Курандан тыңдап мисал келтире алышпайт. Кыргызстандын келечегине чыйыр сала турган, экономиканы көтөрө турган маселени айтышпайт. Субахан Аллахтан башканы билишпейт, түшүнүктөрү жок экенин көрдүк. “Кыргыз эли кыйын элбиз” деп ар дайым төшүбүздү кагып келебиз да, араб менен жөөттөрдүн жолун тандагыбыз келет. Араб менен еврейлер аталаш тууган болушат. Алардын максаты – дүйнө жүзүн чаң-будуңга салып, эки элди чабыштырып туруу. Мурунку мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыздардын адашып баратканын эскертип, элибизди оң жолго салуу жагына ат көтөргүс иш кылды. Кыргыздын унутулуп бараткан, ата-бабадан келаткан каада-салты, үрп-адаты, нарк-насилин саймедиреп, чоң маселени көтөрүп келди эле. Анан эмне дейин, ошол жөөттөрдүн жолуна түшүп кетсек, эл болбой, улут болбой калабыз го? Биз светтик мамлекетпиз, аны унутпашыбыз керек, дин саясаттан тышкары экени мыйзамда көрсөтүлгөн. Жаштар илим-билимге умтулушуп, ар кандай кесиптин ээлери болушуп, өлкөнүн экономикасын көтөрүшсө, эч кандай күмөн жараткан диний агымдарга аралашпоолору кажет. Кыргыздын өзүнүн уңгу жолунан чыкпасак дейт элем. Бул шайлоодо татыктуунун татыктуусу келсин. Араб эмес кыргыз экенибизди унутпасак!

Дүйшөн Батырбеков, мугалим:
-- Бул суроо өтө актуалдуу. Дин кызматкери кайсы бир талапкерди үгүттөп, “добуш бергиле” деши толук мүмкүн. Ошондуктан бул маселеге мамлекет абдан тыкыр көз салышы керек. Мечиттерде диндик окууда намазга келген момун мусулмандардын баштарын айландырып, талапкердин атын атап, ачык эле үндөгөн учурлар көп болгон. Мунун этеги жакшы эмес. Анан калса талапкерлердин арасында сакал коюп, кара жоолук салынган ашкере динчилдерди өткөн шайлоодо кезиктирдик. Мындай талапкерлердин санын өстүрүү үчүн, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын арттырууда жогорку трибунада талашып-тартышып, укуктарын коргошуп, абдан аракет кылуу жагын көздөшөт. Мамлекет ушундай жагдайда укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүндө ар бир айылдын имамдарына, молдокелерине, муфтиятка катуу эскертүү бербесе, шайлоо иши сөз менен эле калып калчудай болуп атат. Үгүт иштерине тымызын молдокелер өздөрүнүн тарапташтарына “добуш бергиле” деген ишарат кылып аткандар байкалса, сөзсүз түрдө ошо талапкерди даражасына карабастан четтетүү мыйзамын күчүнө киргизүү кажет. Антпесе диндин айынан коом экиге бөлүнүп кетүү коркунучуна кабылышы мүмкүн.

Тимур Саралаев, серепчи:
-- Мыйзамда дин менен саясатты ажыратуу так көрсөтүлгөн жана бул принцип баардык шайлоолордо сакталууга тийиш. Алдыдагы парламенттик шайлоодо да бул норма күчүндө болуп, диний үгүттөргө ыктоо, мечиттерди же дин кызматкерлерин шайлоо процессинде колдонуу мыйзамга каршы аракет. Шайлоо учурунда тийешелүү органдар мындай мыйзам бузууга жол бербөө үчүн көзөмөл жүргүзөт жана керектүү чараларды колдонууга даяр турат го деп ойлойм.
Жарандарга да өз укуктарын билүү маанилүү. Бул шайлоонун ачык, адилеттүү жана демократиялык жол менен өтүшүнө салым кошпостон, жалпы коомдук аң-сезимдин өнүгүшүнө да жардам берет. Мындан тышкары, шайлоо процесси тууралуу маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү аркылуу дин менен саясаттын чектерин сактоо максатында коомчулук менен тыгыз байланыш болушу зарыл.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











