Айбар Султангазиев: “Жазга чейин коронавирустан кутула албайбыз”
-- Дүйнөлүк эксперттердин коронавирус боюнча билдирүүлөрү, учурдагы курчуп бара жаткан Европадагы абал үрөй учурат. Биздин өлкөдө коронавирус качан азаят?
-- Жазга чейин коронавирус боюнча жакшылык болбойт. Кутулбайбыз. Мындан да көбөйөт. Сасык тумоо да кошулат. Жазга чейин мамлекетибизге, элге бир топ эле оор болот. Азыр дарыгерлер дарылоо жолдорун өздөштүруп калышты. Кичине түзүк. Россияны, Европаны карасак, жазгы толкунга салыштырсак башка өлкөдөн кечигип, бирок биздики көбөйүп кетет. Жазында да 1-1,5 ай алардан кечирээк башталган. Азыр деле ошондой болушу мүмкүн. Россияда учурда күнүнө 20 миңден ашык дартка чалдыккандар катталып жатат. Италия баштаган көптөгөн Европа өлкөлөрү жабылып жатат. Англия, Франция, Дания, Германия ж.б. саламаттык сактоо системасы өнүккөн өлкөлөрдүн күчү жетпей калууда. Бизде да көбөйөт. Орун жетишпей, оор болот. Тойду токтоткон жокпуз. Митингдер, шайлоолор күчөдү. Эми президенттик шайлоонун алдында турабыз. Алар дагы эл топтойт. Кайра эле эл чогултат. Эпидемиянын өсүшүнө өзүбүз “жардам берип” жатабыз. Дарылар кымбаттап баштады. Саламаттык сактоо министрлигинин запастары жакында түгөнө баштайт. Бюджетте каражат жок. Эл өзү баарын сатып алууга мажбур болот. “Жай айларында коронавирустун запкысынан оорукчандар көбөйөт” дегем. Бул дартка чалдыккандан кийин мурдагы жашоо толугу менен кайтып келбейт. Өпкөсү толугу менен иштебей, муундар, неврологиялык оорулар күчөп, майыптыкка кабылгандар көбөйөт. Кары кишилер айыгып кетсе деле үч-төрт айдан кийин каза болгондор кездешүүдө. Инфаркт, инсульт болуп, кан тамырлар үзүлүп кеткен учурлар көп. Ковидден айыккандан кийин дагы 2-3 ай дары ичип туруу шарт. Бирок алардын каражаты жок.
Жакынкы күндөрү эле мага жакын эки аял кишинин көзү өтүп кетти. Жазга чейин бул көрүнуш улана берет. Бир жакшы кабар, “Файзер” деген компания жакшы вакцина чыгарыптыр. Бирок алар бизге жеткиче эмки күз келет. Алгач бай мамлекеттер, Америка, Европа өлкөлөрү алат. Анан акырындап кедей мамлекеттерге барат. Ошондуктан жазга чейин оор болот.
Бүгүн карындашымды бейтапканага жаткырып келдим. Толтура адамдар үй-бүлөсү менен ооруп жатышат. Алар бейтапканаларга качан гана дарт оор формасына өткөндө кайрылышууда. Күнүгө айтылган 570 адам стационарга жеткендер. Дарты күчөп кеткендер. Менин оюмча, күнүгө 3-4 миң адам катталышы керек эле.
"Азия Ньюс" гезити