Касымалиевдей коркок премьер-министрди дүйнөдөн таппасак керек

“Кой оозунан чөп албаган байкуштун” образын жаратып, башбаканыбыз да эптеп күн өткөрүүдө. Үнү бийик чыкпайт, кол алдындагыларга катуу да буйрук бербейт, бар-жогу билинбейт, айтор, көптүн арасында элдир-селдир жүргөндөй. Элпектиги, эч кимге зыянсыздыгы менен ушул даражага жетти көрүнөт. Бирок элдин тагдыры, жашоосу, келечеги үчүн күрөшүп, эртеңки күнүбүздү аныкташы керек эле. Кымбатчылык кара тумоодой каптады, карапайым калк каржалууда. Бул көйгөйдөн арылууга батыл киришип, алдыга карай план, программа түзүп, ырааттуу иштөөгө эмнеге батынбайт? Мыйзамда көрсөтүлгөн милдет, укуктарын толук кандуу аткарбаса, жалтактап жүрсө, муну көргөн министрлер, губернатор, акимдер эмне кылышат? Дээрлик аткаруу кызматынын башында туруп, үлгү көрсөтө албаса, идея, демилгеси жок болсо, 7 миллион элдин тагдыры кантет? Очорулта турган соболдор арбын. Бирок жообу кана? Кыскасы, Касымалиевдей коркок премьер-министрди дүйнөдөн таппасак керек. Айласыздан баш чайкайсың. А эл эмне дейт?
"Азия Ньюс" гезити