Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Мамлекеттик оорукана башчысы менчик клиникада иштегени билинсе, жумуштан кетет”

-- Айсулуу Турусбековна, сиз баштаган бир топ депутаттар мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп жатыпсыздар. Бул маселе аябай актуалдуу болуп турат окшойт...
-- Бүгүнкү күндө мыйзам биринчи окууда каралууда. Комитеттеги талкууда көп кесиптештерим бизди колдошту. Бирок, коомчулукта кээ бир түшүнбөстүктөр жаралып, “жөнөкөй врачтарга да таандык” деген жаңылыш көз караш пайда болуп жатыптыр. Ошон үчүн мен тактап кетким келет, бул мыйзам долбоору мамлекеттик ооруканалардын башчыларына гана тийешелүү. Себеби, көп башкы дарыгерлер мамлекеттик оорукананы да жетектеп, ошол эле учурда жеке клиника да ачып алышкан. Натыйжада, жумушту сапаттуу жүргүзө албай, коррупцияга аралашып жатышат. Буга мисал катары, улуттук онкология борборун келтирели. Бейтаптар мамлекеттик ооруканага келгенде бир башка, менчик клиникага барганда таптакыр башкача мамиле жасалат. “Бул жерден операцияга бир ай кезекке турушуң керек, менчик клиникама барсаң, бүгүн деле жасап бере алам” деп айтышат. Мындайча айтканда, улуттук борборго келген сыркоолорду жеке клиникага багыттап, өзүнүн ишканасын өнүктүрүп атат да. Операциялардын баасы миң долларга чейин жетет. Мамлекеттик ооруканада он эки миң сом болсо, жеке менчик ооруканада миң доллар! Түнү менен операция жасайт экен. Анан эртеси ал врач кантип иштейт, кайдагы сапат? Бул туура эмес. Адам тандаш керек: же жетекчи бол, же жеке кызыкчылыгыңды көздөп, менчик клиникада иште. Ар бир бөлүмдөргө “мага бейтаптарды алып келесиң” деген тапшырма берилет экен. Анан, албетте, кол алдында иштегендер анын көрсөтмөсүн аткарганга аргасыз.
Ушундай көрүнүштөрдү токтотуш үчүн биз жогорудагы мыйзам долбоорун киргиздик. Анткени, бүгүнкү күндө саламаттык сактоо министрлигинин бул жагынан эч кандай укуктары жок, токтото албай жатышат. Биздин мыйзам ишке кирсе, чаралар да каралган. Айталы, оорукана башчысынын менчик клиникада иштегени билинсе, анда жумуштан кетет. Мамлекеттик ооруканада иштегиң келсе, анда убактыңды толугу менен ушул оорукананы өнүгүүсүнө арна. Мисалы, онкологиялык борборго канча жабдуулар, дарылар керек. Дары бир эле күн токтоп калса, оору күчөп кетиши мүмкүн. Себеби, онкология бир күн да кечиктирүүнү кечирбеген оор илдет.
Дагы бир жолу кайталап койгум келет, бул мыйзам мамлекеттик оорукананын жетекчилерине гана тийешелүү. Бирок, комитеттеги талкуу учурунда “бөлүм башчыларды да кошуп койгула” деген сунуштар түштү.
-- Катардагы врачтар башка жактарда да иштеп, кошумча акча тапса, аларга тоскоол жок да?
-- Жок. Аларга эч кандай тоскоолдук болбойт.
"Азия Ньюс" гезити