Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Сүттүн баасын 26 сомго түшүрүп салышты”

-- Дастан Артисбекович, элден жыйналган сүттүн баасы арзандап кеткенине байланыштуу нааразычылык пайда болгонун айттыңыз. Сүттүн баасынын арзандашынын себеби эмнеде?
-- Таласта эл менен жолугушуу учурунда чоң көйгөй катары кайрылуу түштү. Андан соң мал чарбачылыгы менен шугулданган фермерлер маалымат каржаттары, социалдык түйүндөр аркылуу да билдирүү жасашты. Айыл жергесинде көп кишилер бир-эки уюн саап, сүтүн өткөрүп, күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрүшчү. Анан кокусунан эле сүттүн баасы төмөндөп кеткени алардын нааразычылыгын пайда кылды. Эки жума мурда эле Талас облусунда сүттүн баасы 30-32 сом болуп атса, бүгүнкү күндө 26 сомго түшүрүп салышты. Себеби эмнеде? “Азыр мал тууп бүттү да, сүт көп, булар ошондон пайдаланып бааны түшүрүп салды” деп айтышты. “Эмне үчүн кышында арзандатпайт? Анткени, кышында сүт азыраак. Аларга керек” деп нааразылыгын билдирип жатышат. Мен аларга кошулам. Мындай ишке барбаш керек. Муну биздин аткаруу бийлиги көзөмөлгө алууга тийиш. Бүгүнкү күндө шаарда бир литр сүттүн баасы 62 сомдон 70 сомго чейин. Ошондо сүт иштеткен ишканалар бир жарым, эки эсеге чейин пайда таап атышпайбы.Түшүнөм, алардын деле чыгымдары бар. Жумушчуларга айлык төлөшү керек. Бирок, ортодогу айырма өтө эле чоң болуп атпайбы.
-- Сүттү кабыл алып, иштеткен ишканалардын да пикирин угуп көрдүңүздөрбү?Алардын кандай жүйөсү бар экен?
-- “Сырттан арзан баадагы сүт порошогунун келгенинен улам биз конкуренцияга туруштук бере албай жатабыз” дешет. Андай болсо алар министрлер кабинетине кайрылып, аткаруу бийлиги ага жараша чара көрүшү керек эле да. Сырттан келип аткан товарларга НДС жагынанбы, салык жагынанбы чара көрүлүшү керек болчу. Министрлер кабинети оперативдүү иштерди жасоого тийиш. Ошондо гана маселе чечилет. Антпесе бул социалдык көйгөй чоңоюп, нааразычылык күчөп кетиши мүмкүн.