Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ибрагим Жунусов, экс-элчи: “Букадарми” чыгармасын Сабырбек Жумабековдун апасынын юбилейинде ырдагам”

Ибрагим Жунусов, экс-элчи: “Букадарми” чыгармасын Сабырбек Жумабековдун апасынын юбилейинде ырдагам”

16-июль, 22:55
5 403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ибрагим агай, социалдык тармакта сиздин түркчө ырдаганыңыз чоң талкуу жаратты. Репертуарыңызда түрк ырлары көппү?

-- Негизи мен түркчө көп ырларды билем. Махсун Кырмызыгюль, Ибрагим Эркал, Ибрагим Татлысестин чыгармаларын аткарып жүрөм. Мага түрк ырлары абдан жагат. Өзүм да Түркияда далай концерт бергем. Ошондой эле алардын колдоосу менен чет мамлекеттерге көп чыккам. Ал учурда репертуарымдын 30 пайызы түркчө ыр болушу керек эле. Ошон үчүн боордоштордун ырларын аткарууга туура келет. 

Социалдык тармакта талкуу жаратып, элдин кызыгуусун арттырып жаткан “Букадарми” чыгармасын түрктүн Эмре, Таркан аттуу ырчылары дагы аткарган. Мен бул ырдын автору менен учураша элекмин... Ибрагим Татлысес деген түрктөрдүн Рыспай Абдыкадыровго окшогон өтө таланттуу, популярдуу, легендага айланган адамы бар. Мен аны Ибрагим Устаз деп коём. Экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Ушул ырдын ээсин таппай жатам. Ырын сурап коёюн дедим эле десем, “Ибрагим, экөөбүздүн тең атыбыз Ибрагим. Биз Ибрагимдер эч кимден сурабайбыз. Ырдай бер, мен өзүм ага айтып коём” деп уруксат берген. Ошондон кийин ырдап калгам. “Букадарми” чынында жакшы ыр.

-- Бул ырды кайсы тойдо ырдадыңыз эле?

-Сабырбек Жумабековдун апасынын юбилейинде ырдагам. Чакырылган ырчылар көп болсо да, мени да ырдап бер дешкенинен ошол жерден чыгып аткарып койдум. Бирөө тартып алып, социалдык тармакка чыгарып койгон экен. Ошол ырдаганым социалдык тармакта чоң талкуу жаратып, жакшы пикирлер көп айтылыптыр...

-- Дагы кайсы тилдерде ырдай аласыз?

-Орусча, түркчө, өзбекче жакшы ырдайм. Араб тилинде дагы бир-эки аткарган ырым бар. 

-- Неге сахнадан да, саясаттан да алыстап кеттиңиз?

-Сахнадан да, саясаттан да алыстадым деп айталбайм. Убактылуу тыныгуудамын десем туура болот го. Мен саясатка сахнада жүргөндүгүм үчүн келип калгам...    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер