Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирбек Асанбеков: “Президенттик башкарууга Текебаев каршы чыгып, чындыкты айтты”

Темирбек Асанбеков: “Президенттик башкарууга Текебаев каршы чыгып, чындыкты айтты”

07-ноябрь, 09:52
959 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темирбек мырза, акыркы мезгилде мамлекетти башкаруунун түрдүү жолдору сунушталып, айрымдар “президенттик башкаруудан өтөрү жок” деген пикирлерин айтышууда. Кыргызстанга башкаруунун кайсы түрүн жана депутаттарды кандай жол менен тандаганыбыз ыңгайлуу болот деп ойлойсуз?

-- Тарыхты терең изилдесек, кыргыз эли ар дайым эркиндикти жогору баалап, ич ара жалпы келишим аркылуу тил табышып, коомдук туруктуулугун сактап келген калк. Жалпы элдин талабына үстөмдүк кылган саясатын жүргүзгөн эл башчылары эртели-кеч катуу жазага тартылган. Бизге келишим шартында мамлекетибиздин түптөлгөнү туура болот. Ошону эске алып, парламенттик башкаруу системасында гана мамлекет институттарыбыздын сапаттуу иштөөсүнө жол ача алабыз. Акыркы 10 жылдан бери “парламенттик башкаруу”, “биз саясый партиябыз” деген ураанга жамынып алышып, чынында жалгыз президенттин үстөмдүгүн камсыздаган, бийликти узурпациялоого жол берген, ар дайым бийлик бутагына жагынган эки жүздүү депутаттардын жалган саясаты орун алды. Ошонун кесепетинен 5-октябрда эл толкуп, Сооронбай Шариповичти кетиришти. Бул маселенин түпкү саясый себептерин ак ниет, ишенчээк элибиздин көпчүлүгү түшүнбөй, элди алдап, жалган саясый партияларды түптөшүп, бийликке отурган амалдуу эски саясатчылардын иштерин көрүп алып эле “бир мандаттуу парламент керек” деп адашып жатышат. Биз бир мандаттуу парламенттин кандай экенин 2005-жылга чейин көргөнбүз. Азыркы эле депутаттардын көпчүлүгү ошол мезгилде деле парламентте отурушкан. Элди ар түрдүү курулай убадалар менен алдап келишкен. 

-- Демек, Өмүрбек Текебаев айткан сөздүн чындыгы барбы? Чын эле президенттик башкарууга өтсөк, 30 жыл артка кетебизби? 

-- Ооба, Өмүрбек Текебаевдин айткан сөзүндө чындык бар. Эгерде биз парламенттик башкарууну чанып, президенттик башкарууга багыт алсак, бийликти бир адамдын саясый кызыкчылыгынын үстөмдүгүндө түптөлүшүнө шарт түзөбүз.  Мындай катачылыктарды көп мамлекеттер басып өтүштү, өтө оор саясый  кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Ошон үчүн 30 жыл артка кетпей эле, алдыга жылганыбыз оң. 

-- Канатбек Исаевди төрагалыктан кетириштиби же мамлекет туңгуюкка кабылганы жатканы үчүн өзү кызматтан кетүүгө аргасыз болдубу?

-- Канат Исаев азыркы саясый кырдаалды изилдеп, саясый пикирлештери менен кеңешип туруп, өз эрки менен чечим кабыл алды окшойт. Аны спикерликтен күч менен эч ким деле кетирген жок.

-- Талант Мамытовдун спикер болгону бийлик үч достун колуна өткөндөн кабар бербейби?

-- Талант Мамытовдун спикер болуп шайланышы – үч бийлик бутагына саясый пикирлештердин бир күч болуп келүү аракетинин жыйынтыгы (!) десек болот.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер