“Кар жаады, из басылды” дешкенби? Эрнис Асанов менен Таалай Аманович баш көтөргөндө...
Былтыр Камчы Көлбаевдин көзү өткөндөн кийин бийлик бутактарында, өзгөчө күч органдарында тазалануу расмиси жүргөн. Мамлекеттик кызматтардан жүздөгөн кадрлар иштен алынган. Кылмыштуулукка жана коррупцияга байланыштуу жарлыктардын негизинде. Ошолордун ичинде Эрнис Асанов (генерал Памир Асановдун баласы) Оштогу ГОМдун башчылыгынан кол жууган. Ал эми Таалай Аманович 7-башкармалыктагы кызматынан алынган эле. Эми тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы. “Кар жаады, из басылды” дешкенби? Эки-жакты карашса тынч. “Ап-бали!” дегендей, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнө аттанышканы кабарланды. Эрнис Асанов Новосибирскиге, Таалай Аманович Санкт-Петербург шаарына барып калышса, КР ИИМдин атынан иш-аракеттерди жүргүзүшмөкчү. Ошондо кадр саясатындагы тазалануу бир жылдык эле мөөнөт беле? Кызыгың түшкүр! Убакыттын өтүшү менен кызый-кызый кыздын койнуна киргендей эле го...
"Азия Ньюс" гезити