Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романы тууралуу пикирлерге жалпы обзор

Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романы тууралуу пикирлерге жалпы обзор

16-июль, 22:52
1 129 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тарыхчы, коомдук ишмер, жазуучу Арслан Койчиевдин 2016-жылы жарык көргөн «Бакшы менен Чыңгызхан: (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)» деген аталыштагы романына карата алгачкы пикир – философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшовдун китепке баш сөз катары жазган «Чиеленген тарых, чийилген тагдыр» аттуу болду окшойт. Мында философ-окумуштуу А.Койчиевдин романы тууралуу негизги мселеге киришерден мурун катар коюп салыштырайын дедиби, айтор, америкалык жазуучу Уильям Фолкнердин мисалына, анын айтып-жазып калтырган пикирлерине кайрылат. Анын айтымында, бул «Бакшы менен Чыңгызхан» романын «Фолкнер окуса нааразы болмок эмес» [4.5]. Макаласында Ж.Бөкөшов өзү айткандай, «ар нерсени санактап, жобурап барын кайталап, аны (окурманды – О.Б.) бир жагынан алагды кылып, экинчи жагынан ой-санаасын, эстетикалык маанайын кайсы бир нукка салгысы келбейт» [4.9]. Ушунда окумуштуу андагы эки жагдайды атайын белгилей кетет.

Биринчи жагдай катары «Чыңгызхандын арбагынын кылык-жоругунун сүрөттөлүшүн белгилеп», арбак деген эмне экенин, анын романга киргизиш максатын, инсан катары өзүн алып жүрүүсүн, мүнөз өзгөчөлүктөрүн чечмелейт.

Экинчи жагдай – «Бактыгерей Избасаровдун кол жазмасынын жөн-жайы, маани-маңызы». Кокусунан айрым үзүндүлөрү табылган кол жазмалардын ички маани-маңызы советтик түзүлүштүн идеологиясына карама-каршы келип, опурталдуулукту жараткандыктан, мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери базарда отургандарды кыйсыпыр түшүрө тинтүүгө аргасыздантып, бул көйгөйдү териштирүүгө Москвадан КПСС БКнын бөлүм башчысы Николай Аблеухов баштаган комиссия келет. Жергиликтүү КГБ бөлүмүнүн начальниги, капитан Хамид Хайруллаевдин түшүнгөнүндө кол жазмада «кудум пролетариатча прогрессивдүү ойлонгон жалгыз Теңиз-Бука деген оң каарманы бар экен...» Ал «Чынгыс тукумун ооруктан алсыратып, ичинен иритип, ...жазасын колуна берген тура. Өзүнчө эле экинчи фронт! Албетте, мындай кол жазмаларды караңгы массанын көзүнөн далдоо кармоо зарыл». Ж.Бөкөшов таасын белгилеп кеткендей, мында «окурман өзгөчө назар бурчу нерсе – көчмөндөр арасында ооздон оозго, укумдан тукумга өтүп жашап келген аңыз кептин маани-мазмуну» [4.11]. Айтымында, «Арслан Койчиев да өтмүш менен болочок учурдагы турмушка чиеленип турат деген көз карашты тутунат» [4.12].

Экинчи пикир – Амирбек Азам уулунун 2017-жылдын 20-февуралында интернет тармагында жарыяланган «Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызханы» аттуу макаласы. Макаланын автору Амирбек Азам уулунун баамында «китептин өзөгүндө Чыңгызхандын урпактарынын бири-бирин аёосуз кыруусу жана совет бийлигинин 1930-50-жылдардагы зулумдуктары параллель көрсөтүлөт. Чыңгызхандын тукумдары улуу бабасы түптөгөн империяны калыбына келтирүү үчүн эмес, ...өз хандыгында чексиз бийлик орнотуу үчүн өз боорлоруна кылбаган кылыкты кылат» [2]. Мында макаланын автору А.Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романын Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы менен катар коюп, андагы Бактыгерей Избасаров менен капитан Хамид Хайруллаевди Айтматовдун романындагы жашоосу трагедиялуу аяктаган мугалим Абуталип Куттубаев менен НКВДнын ур токмогу, лейтенант Тансыкбаевди салыштырып карайт. Ушундан улам Бактыгерей Избасаров менен капитан Хамид Хайруллаевдин образдарынын жаралышына так ушул Абуталип Куттубаев менен лейтенант Тансыкбаевдин кулк-мүнөз бейнелеринин иштелишинин таасири тийгенби (?) деген ой туулат макаланын авторунда.

Макаласында Амирбек Азам уулу ошондой эле орустун модернист жазуучусу Михаил Булгаковдун «Мастер жана Маргарита» романындагы Иудейдин прокуратору Понтий Пилаттын Иешуаны өлүм жазасына айдаткандан кийинки абалына кайрылат. Макаланын авторунун айтымында Понтий Пилатты «эки миң жыл бою Иешуанын каргышы коштоп жүрүп, андай тозоку азаптан Мастер бошотот. А Арслан Койчиевде Чыңгызхандын арбагы урпактарынын эсине жооптуу учурларда өз уңгусун эскертип турат. Эки жазуучу бир эле түбөлүктүү маселени эки башка жол менен өздөрүнө гана таандык чеберчилик менен чечкен» [2].

Байкалгандай, Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романында Чыңгызхандын урпактарынын бир жаатынын теңирчиликтен исламга, экинчи жаатынын христиан динине чокунуп, өздөрүнүн байыркы заманга кеткен көөнө уңгусунан ажыраганы так, таасын баяндалат. Чыңгызхандын арбагы мындай кейиштүү жагдайдын урпактарынын аң-сезиминде козголгус болуп терең орун алганын Ташкенттин чоң базарын, мурдагы Алтын Ордонун аймагы болгон казак талаасын, Россиянын кең мейкинин булуң-бурчуна дейре эрикпей аралаганында гана барып анык көзү жетип ынанат.

Кийинки үчүнчү пикир Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар кошуунунун мүчөсү, журналист Майрамбек Токторовго таандык. Ал өзүнүн «Маңкуртчулукту дагы бир жолу эске салган роман же жетесин унуткан урпактардын азабы жана муңу» деген макаласын 2017-жылы 14-апарелде «Кутбилим» гезитине бастырып чыгарган. Макаланын авторунун баамдоосунда калемгер «роман аркылуу улуттун иденттүүлүгүн, намысын, касиет-кудуретинин ченемин, абийирин, жаңы толкунга туруштук бере албаган саткындыгын, өз жүзүн тез эле буруп, кечээки көөнө эстутумун, тарыхын тебелегенге даяр тукумдун кыял-жоруктарын көркөм чыгармада эң сонун куюлуштуруп бериптир» [11].

Макаланын аталышынан эле ачык байкалып тургандай, Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагыдай эле бул «Бакшы менен Чыңгызхан» романында да туткундарды зордук-зомбулук жолу менен маңкуртка айландыруу практикасы орун алганы эскерилет. Чыңгызхандын тун уулу Жоочунун уулу Батудан (Батый) Сартак менен Тукан. Кичүү уул Тукандын үч уулунун бири Мөңкө-Темирден алты уул болот. Улуусу Токтодон Элбасар менен Түгөл-Бука. Мөңкө-Темирдин Тогрул деген уулунан Өзбек. Өзбектен Тыныбек менен Жаныбек баштаган беш уул. Жаныбектен Бердибек туулат. Алтын Ордодогу бийликти мыйзамсыз басып алып, андан да Чыңгызхандан бери келаткан монголдордун башкы мыйзамдар топтому – Йасаны унутуп, элди зордоп мусулманчылыкка киргизгени үчүн Жоочу тукумунун бир далайы Өзбек ханга каршыгып, бабасы Чыңгызхандын Йасасын бекем тутунган Элбасар хандын туусу астына биригишет. Эки тараптан тең түмөндөп кол чогулуп, Элбасар хан тарабы «Мөңкө-Темир!» деп ураан чакырса, Өзбек хан тарабы «Тогрул!» деп ураан чакырат. Ортодо жан аябай кыркылышкан салгылашуу болуп өтөт. Тилекке каршы, Элбасар хан тарабы жеңилип, Элбасар хан өзү беш жүзгө чукул адамы менен туткунга алынат. Өзбек хандын жеке буйругу менен туткундар Жоочунун байбичесинен туулгандар, токолунан туулгандар болуп экиге бөлүндү. Байбичеден туулган Жоочу тукумдары Элбасар хандын өзүн кошкондо 121 адам болду. Калганы Жоочунун токолунан туулгандар. Элбасар хан баштаган байбичеден туулган 121 адам ошо турган жеринде кылычтап өлтүрүлүп, ал эми калган токолдон туулгандар бүт бири калбай укум-тукуму менен кулдукка туштукмакчы. Мындай эзели кулак угуп, көз көрбөгөн зомбулукка карата Жоочунун токолунан туулгандын ичинен бирөөсү гана каршы сөз айтып чыга алды:

«Көкө Теңир урсун төбөңдөн! Атабыз Чынгызхандын арбагына койдум! – деп сөз кайрыганга жарады» [8.96].

Жерине жеткире каргап-шилеп тилин тартпаганы үчүн, Өзбек хандын тике буйругу менен Өгөдөй акындын тили кесилип, токолдон туулгандар бүт бойдон башкы жөкөр Теңиз-Буканын кол алдына мөөнөтсүз дене кулдукка буюрулду. Тогуз жаштагы Сайчы уул дегени аргасыз ыйлап турду.

Теңиз-Бука кулдукка буюрулгандын баарын турагына айдап барып, кор тутуп, далай жыл кул катары жумшады. Моюн толгогон тыңыраактарынын башына төөнүн терисинен шири кийгизип, четинен улам бирин маңкуртка айландырып жатты.

Кылымдардан бери келаткан эреже боюнча хан тукумунан гана хан көтөрүлүүгө тийиш. Ошол себептүү Жоочу тукумундагы кулдардын кожоюну, тексиз Теңиз-Бука миң бир ирет хандыкка умтулса да, хан боло албайт. Ушул жазылбаган мыйзам күчүндө турганы үчүн Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы Нүзүп бий түздөн-түз өзү хан боло албай, жыртык чокой, куур тон кийип мал артында жүргөн хан тукуму Шералини хандыкка жылдырып отурат. Андагы Мусулманкул, Алымбек датка, Алымкул баштаган өз уруусунун, өз чөлкөмүнүн мыкты чыкмалары мына ошон үчүн өздөрү хандыкка жарабай, аталыкка дайындалууга умтулуп отурушат. Мына ушул себептен улам «Бакшы менен Чынгызхандагы» Өзбек хандын ишенген жөкөрү Теңиз-Бука өзү хан болуп алуу аракетин көрбөй, башына коок (шири) кийгизилүү аркылуу жарым маңкуртка айландырылган Жоочу хан тукуму Кара-Ногойду хан шайлап алууга аргасызданып отурат. Эптеп аңкоо чалыш Кара-Ногойду хан көтөрүп алса, анан тымызын көкүтүү жолу менен Жоочунун анык урпагы Сайчы уул баштаган токолдон туулган Жоочу тукумун бүт бирин калтырбай кырдырмакчы. Ушунда ал, журналист М.Токторов таасын белгилеп кеткендей, өз «башы кесилип, сыр найзанын башына сайылып каларын ойлогон жок» [11].

М.Токторов ата арбагын – Чыңгыз арбагын камакка алууга билек түрүп белсене киришкен капитан Хамид Хайруллаевди Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Орозкулга салыштырып карайт. Ушундан улам ал мындай деп жазат: «...Орозкулдун образы далай окурмандардын кыжырын келтиргенин эстейличи. Арслан Койчиевдин каармандарын да китепке кире калып союл менен аларды башка чаап ийгидей таасирге өсүп жеткендиги романчынын башкы жеңиши дээр элем» [11].

Андан ары М.Токторов романдагы Чыңгызхандын арбагы менен Жоочунун түз урпагы Сайчы уулдун бетме-бет баарлашканына маашырланат. Анын айтымында «Сайчы уул менен Чыңгыз хандын арбагынын бетме-бет сүйлөшкөн диалогу – улуу диалог» [11]. Ушунда улук бабасы Чыңгызхан арбагы ичиндеги кылымдап чогулган толгон арманын татыктуу урпагы Сайчы уулга саймедиреп, боздоп аңгемелеп отурду. Эми анын келер күнгө болгон баардык үмүтү жалгыз Сайчы уулга байланып калгандай... Окуянын андан аркы өнүгүшү так, даана, айкын чагылдыргандай, Сайчы уулдун кыраакылыгы, алдыны көрө билген көрөгөчтүгү, чечкиндүү аракети аркасында гана Теңиз-Буканын өзү билип дайындаган «ханы» Кара-Ногойдун буйругу негизинде Жоочунун токолдон туулган урпактарын түгөл кырдыруу тууралуу арамза ою ишке ашпай, акыры Теңиз-Буканын өзү өлүм жазасына тартылат. Жыйынтыгында, убагында Өзбек хан тарабынан тамтыракайы чыгып ойрондолгон адилеттик калыбына келтирилип, мамлекеттин ишинин андан аркы илгерилеши өзүнүн түз, нарктуу жолуна эми анык түшкөндөй.

М.Токторов бул аталган макаласында романдагы ата арбагы көйгөйүнүн иштелишине өзгөчө маани берет. Айтымында «буга чейин адабиятыбызда мынчалык ата арбактын касиетин бийиктеткен, ага жан салган сюжет жок болсо керек». Ырас, А.Койчиевдин Чыңгызхан арбагы кайсы бир өлчөмдө Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы Дөнөнбай кушту эске салат. Анда маңкурт уулунан каза тапкан Найман-эненин жүрөгү жарыла берген көөдөнүнөн куш болуп учуп чыгып, Сары-Өзөк талаасын чарк айлана ушу азыркы күндө да «Сенин атың – Жоломан, атаңдын аты – Дөнөнбай. Өзүңдү, атаң ким экенин унутпагын!» деп жар сала учуп жүрөт имиш... А.Койчиевдин ата арбагы болсо кылымдар аралыгандагы улам кийинки урпагына жолугуп, алардын атуулдук ар-намысын ойготуу, жандандыруу, унутканын эсине салуу аракетинде жүрөт. Тилекке каршы, өзүнөн жүз элүү жыл кийинки Өгөдөй күүчү менен Сайчы уулду, бүгүнкү күндөгү урпагы Бактыгерей Избасаровду эсепке албаганда, бир да бири бабасы ким болгонун эстеп койбойт, эстеп, билген күндө да түпкү бабасы Чыңгызхан болгонуна ардангандай кейипте.

М.Токторов макаласынын акырында «Арслан Койчиевдин бул романы кыргыз адабиятындагы роман жанрында жазылган чыгармалардын олуттуу, мыкты тизмесине киреринде шек жок» [11] деген жыйынтыкка келет.

Эми белгилүү адабиятчы-окумуштуу, академик Абдыганы Эркебаевдин «Бакшы менен Чынгызхан» романы тууралуу айтып-жазгандарына келели. Ал өзүнүн республикалык «Кыргыз туусу» гезитинде 2019-жылдын 29-мартында басылып чыккан «Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт» макаласында кыргыз кесипкөй адабиятында эгемендүүлүктүн акыркы отуз жылы ичинде жарык көргөн романдардын эң бир мыкты делингенин, атап айтканда, көзгө чындап урунчу түзүгүрөөктөрүн кыскача талдоого алуу менен катар, Арслан Койчиевдин жаратмандык аракеттерине, мунун ичинде «Бакшы менен Чынгызхан» романына да учкай болсо да токтоло кетет. Анын пикиринде, автордун буга чейинки романы «Мисмилдирикте» байкалган, атайын кеп козгоого арзырлык мыкты сапаттар, өнөлгөлүү көрүнүштөр (тарыхыйлык, окуянын өнүгүш кызыктуулугу, тил байлыгы, жазуу стилинин жетиктиги, композициялык жактан көп пландуулук) А.Койчиевдин бул «Бакшы менен Чынгызхан (жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)» романында андан ары тереңдетилет, миң бир кубулуп көркүнө чыгат. Тактап айтканда, Темүчүн Чыңгызханга, Жоочунун уулу Батый негиздеген Алтын Ордого жалгаштырылган тарыхый окуялар, андагы өткөндө чыныгы жашап өткөн кейипкерлер кечээки эле СССР доорунун кейипкерлери менен байланыштырылат. Ушунда академик А.Эркебаев атайын баса белгилеп кеткендей, «романда фантасмагорияга, мистикага, эзотерикага, ошол эле мезгилде комедиялык, эксцентрикалык жагдайларга орун берилет» [12]. Демек, романда бир эмес, бир канча сюжеттик линиялар, катмарлар өнүгүү алат. Албетте, чыгарманын көлөмдүү эпикалык адабий туундунун сюжетинин ушундайча көп катмарлуу, арбын сюжеттик линиялуу болуп курулушу азыркы кесипкөй кыргыз адабияты жаңылык деле эмес, ошентсе да оригиналдуу чечилишке ээ болгону көңүлдү өзүнө бурбай койбойт.

Андан да адабиятчы-окумуштуу А.Эркебаев таасын белгилеп кеткендей, А.Койчиевдин романдарында өзүн өзү кайталаган сюжеттик-композициялык бири экинчисине дал келүүлөр орун алганы байкалат. Мисалы, «Мисмилдирик» романында башкы каармандардын бири Мукай Камбаров 1938-жылы НКВДнын түрмөсүндө суракка алынып, атылууга кириптер кылынса, бул кийинки «Бакшы менен Чынгызхан» романында башкы персонаж Бактыгерей Избасаров КГБ желдеттеринин куугунтуктоосунан улам кордук көрүп, өлүмгө туштугат. Эки башка чыгармадагы эки кейипкердин экөөсү тең жазып, сактап жүргөн дептерлери үчүн кутулбас куяга калып, жоопко тартылышат [12]. Ушундай эле көрүнүштү Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан жана ага кошумча катары жазылган «Чыңгызхандын ак булуту» повестинен кезиктиребиз. Анда заманынын катаалдыгынан улам адилетсиз куугунтукка алынган мугалим Абуталип Куттыбаев жогорудагы Мукай Камбаров менен Бактыгерей Избасаров сыяктанып кийин балдарым окусун деп жазып жүргөн кол жазма дептерлеринен улам НКВД тарабынан камакка алынып, айдоодо жүрүп каза табат [1. 520]. Кандай болгондо да «Бакшы менен Чынгызхан» романындагы башкы Бактыгерей Избасаровдун инсандык бейнеси реалисттик маанайда, психологиялык жактан так, кыйла ишенимдүү тартылып берилген десе болчудай.

А.Эркебаевдин пикиринде, мындай тактык, логикалуулук ар дайым эле кынтыксыз сактала бербеген. Анын айтымында, «Чыңгызхандын арбагынын ар кай жерде, ар кандай кырдаалда дембе-дем пайда болушу, адамдар менен сүйлөшүшү зирек окурманды тажатпай койбойт. Анан да бакыйган республиканын – Өзбекстандын биринчи катчысынын Москвадан келген партиялык чиновникке (бөлүм башчыга) бүгүлүп турушу, өзгөчө КГБнын катардагы капитанынын сөздөрүн угуп муюшу тарыхый-саясый жактан ынандырбайт» [12]. Албетте, белгилүү сынчы, адабиятчы окумуштуу, академик А.Эркебаевдин айтып-жазгандары менен эсептешпей, көңүлгө албай коюу кыйын. Биздин оюбузча, бул айтылган сын пикир эң эле туура, адилеттүү дагы. Толук кошулам, биз да ушундай пикирдебиз.


(Уландысы бар)

Болот Оторбаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер