Акыркы кабарлар
» Саясат » Министрге айбат көрсөткөн Жумабековго кудасы “Берия” дух бериптир
Министрге айбат көрсөткөн Жумабековго кудасы “Берия” дух бериптир
10-февраль, 09:00


Айыбы ачылган Сабыр Жумабеков өзүнүн деңгээлиндеги шефи Алымкадыр Бейшеналиев менен бир топ “концерт” койду. Министрден коркпой, алым-сабак айтышып атканын түшүнбөгөндөр арбыды. Көрсө, президенттик аппараттагы таасирдүү чиновник Кубатбек Кожоналиев дух берип, тымызын сүрөп салганы кандай? Бул киши айтылуу Дастан Жумабековдун өкүл атасы экен. Кудалык таризде кыйчалыш кезде жөлөп-таяшканын карасаң. Айтор, “Берия” каймана атындагы чиновниктин арттан туруп бергени ушулбу? Бирок мамлекеттик оорукананы жеке менчигиндей пайдаланган Сабыр Жумабековго аягына чейин жардам бере албады. Чындык акыры жеңет да...
"Азия Ньюс" гезити











