Акыркы кабарлар
» Коом » 31-август – эгемендик майрамы онлайн өткөрүлөт
31-август – эгемендик майрамы онлайн өткөрүлөт
28-август, 12:46
1 073 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Пандемияга байланыштуу жылда Ала-Тоо аянтында уюштурулуп келаткан 31-август – эгемендик майрамына карата иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда болот. Аянтта салтанат уюштурулуп, бирок ага эл чакырылбайт.
Маалыматка ылайык, аянтка жарандар киргизилбей турган болгон. Ал эми иш чара мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.⠀
Мындай чечим коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам кабыл алынган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.⠀
Салтанат күндүз саат ондо башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Иш-чара түнкү саат ондо салтка айланган салют менен жыйынтыкталат.