Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялын балталап салган шектүү кармалды

Аялын балталап салган шектүү кармалды

03-октябрь, 09:00
905 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

30-сентябрда эртең мененки саат 9:05 чамасында Сокулук РИИБине Биринчи Май айылындагы аялдын өлүмү тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 43 жаштагы Б.М. аттуу аял кишинин жансыз денесин табышкан. Анын денесин кароо учурунда ур-токмоктун белгилери бар болгон. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары маркумдун 51 жаштагы И.Б. аттуу күйөөсү кармалды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 30-сентябрь күнү эртең менен маркум уктап жатканда күйөөсү балта менен урган. Андан кийин 8 жаштагы И.Т. аттуу баласын кошунасына калтырган. Шектүү кошунасына аялын өлтүргөнүн, кайра кайтып келбей турганын, мындан ары баласына баш-көз болуусун айтып белгисиз тарапка кеткен. Учурда кармалган жаран Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди.


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер