Күндөн коргоочу SPF кремди кандай тандоо керек?

Жаздын келиши менен аялзаты SPF көрсөткүчү бар кремдерди сатып ала баштайт. Бирок көпчүлүк айымдар SPF15 менен SPF50 кандайча айырмаланарын түшүнө беришпейт.
Мисалы, сиз жөнөкөй крем менен болгону 10 мүнөттөй күндүн таасиринен коргоно аласыз. Ал эми SPF15 болжол менен 2,5 саат түз тийген күн нурунан сактанса болот. Ал эми көлөкө жерде 15 эсе көп убакытка чейин бул крем күндүн ультракызгылт нурларынын коргой алат. Демек, “анда SPF50нү күнү бою колдонсо болобу?” деген суроо туулат. Албетте, жок. Кандай гана күндөн коргоочу крем болбосун, 2-3 саатта кайра сүртүп туруу кажет. Болгону цифралык көрсөткүчтүн өсүшү менен анын коргоочу даражасы жогорулайт.
Күндүн ультрафиолет нурларынан
-- SPF15 – 93 пайыз;
-- SPF30 – 97 пайыз;
-- SPF50 – 98 пайызга коргой алат. Бир караганда анчалык деле сезилбеген сыяктуу, бирок пайыздык көрсөткүчтөр канчалык кажет? Анын айырмасы жогору даражадагы коргоого муктаждарга байланыштуу. Денесине так көп түшкөн сары, ак саргыл, ак жуумал айымдар күнгө бат эле күйүп кеткенге жөндөмдүү. Ошондуктан алар пайыздык көрсөткүчү жогору кремди сатып алуулары зарыл.
Күндөн коргоочу кремди туура сүрткөндү да билүү керек. Кремдин активдүү компоненттери бир аз убакыттан кийин гана иштейт баштайт. Ошондуктан көчөгө чыгардан 15 мүнөт мурда крем сүйкөнгөн туура. Андан соң ар бир 2-3 саатта сүртүп туруу кажет. Ошондой эле өткөн жылдан калган кремдер коргобой турганын эске ала жүргөн оң.