Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдиламит Матисаков: “Тунук сүйүү, арбалган арзуу, непадам романтика, талкаланган тагдыр...”

Абдиламит Матисаков: “Тунук сүйүү, арбалган арзуу, непадам романтика, талкаланган тагдыр...”

05-апрель, 19:30
1 183 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ Абдиламит Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китебинин бетачары болду. Зал толо эл келиптир. Коомдук ишмерлер, жазмакерлер, чыгармачыл инсандар биринин артынан бири трибунага чыгып, китептеги камтылган асыл ойлорду, алардын кай жактан келип чыкканынан өйдө жиликтеп (жакшы мааниде) атышты. Шашылып барып, шашылып чыгып (анын да жүйөлүү себептери бар эле) кеттим. Кечкурун үйгө келип, эки кил кумшекердей болгон китепти барактап баштадым. “Баткан күндү аяган” жеринде... “Киоска жылан сыйпагандай. Гезит дегендин дареги жок. Макалам чыккан гезитти окуюн деп эртелеп чыктым эле. “Талап кетишти” деп күндөгүдөй колун жайды киоскачы аял. Базардан уулума жаңгак алдым. Мындай карасам, жаңгак өзүм издеген гезитке оролуп жүрөт. Макалам чыккан гезитти жаңгак менен кошо соодагердин колунан сатып алдым” деген бир үзүм жерине көзүм кадалды. Андан аркысын “шашпай, жайбаракат учурда, жайдын сыдырым жели соккон маалда сөрүдө жамбаштап жатып алып, анда-санда көк чайдан ууртап атып окуюн” деп көзүм көрүп турган китеп текчеге койдум...


-- Абдиламит ага, салмагы сайдын ташындай болгон китептин бетачарын кылдыңыз. Бул чыгарманы жазыш үчүн кайсы жактан шамал сокту экен?

-- Бүгүнкү күндүн мезгили өтө башка, ошону айтайын дедим. Биз убакыттын баалуулугун сезбей жашап жатабыз. Мына ушу жактан келген шамалдын жели мени китеп жазууга түрткү берди. Убакыт, мезгилге сарамжал бололу. Ар бир учурда адамдын өмүрү аз болсо да кызматы улуулукка багытталсын (!) деген максатта бул китепти жаздым. Көздүн бул кычыгынан аркы кычыгына өтүп аткан мөөнөттүн баркына жетишибиз керек. Бүгүнкү китебимдин бетачарына менин сүйүктүү, өзүмдүн эң кымбат, жакшы көргөн адамдарымдын, менин чыгармачылыгымды баалап, барктагандардын келгенине жонтериме батпай кубанып, алып-учуп, төбөм көккө жетип отурат. Азыр элетти ойлогон адамдар аз. Баары эле глобалдуу нерсеге баш катырып жатышат. Акыры жалпыбыз ошол элетке кайтабыз. Баалуулуктарын көтөрбөсөк, биз эч качан оңолбойбуз, муну ар бирибиз билип коюшубуз керек. Китебимди жалпак, карапайым элдин тили менен жеткиликтүү кылып жаздым. 

-- Эми ушуну менен токтоп калбасаңыз керек?

-- “Кудай буюрса...” деп турам. Уландысы болот. Биз, жаратмандар көлөмдүү романдарды коё турганыбыз оң. Азыр элди тарбиялай турган, мээсине, жүрөгүнө бат жете турган чыгармаларды жазганыбыз абзел. Кийинкиси жакшы аталыштагы китеп болот. Мезгилге баш ийбеген теманы кулачтаган эсселер менен камтылат. Аны жакында эле баштап койдум. Тунук сүйүү, арбалган арзуу, непадам романтика, бир жагы турмуштун оош-кыйышы, талкаланган тагдыр, эч себепсиз абакта өткөргөн татаал күндөр, жыргал жашоо... деги койчу, баары болот. Мезгилди тизгиндеген чыгармалар менен коштолот.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер