Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус жуктургандар төрт штамм менен катталууда

Коронавирус жуктургандар төрт штамм менен катталууда

23-июнь, 21:50
1 946 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 2021-жылдын март-апрель айларында коронавирустун төрт штаммы катталган. Алариндиялык, британиялык, россиялык жана түштүк-африкалык штаммдар. Андан бери COVID-19 түрлөрүн аныктоо жаатында изилдөө жүрө элек.

Жаңы штаммдарды аныктоого Кыргызстандын өзүндө мүмкүнчүлүк жок. Изилдөөлөрдүн тыянагы Лондондогу лабораторияда ырасталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда июнда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуду. Көз карандысыз эксперттер тобу июнь-июль айларында вируска чалдыккандардын жана кайтыш болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн эскертишкен.

Өлкө аймагында COVID-19 жуккандардын саны күнүгө 700-1000 тегерегинде болуп, 6-9 адам өлүп жатат. Бул сан Борбор Азия чөлкөмүндөгү жогорку көрсөткүч катары сыпатталууда.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер