Акыркы кабарлар
» Саясат » Бакыт Сыдыковдун жолуна түшкөн Манасбек Самидинов каржылык чыр-чатакка кабылабы?
Бакыт Сыдыковдун жолуна түшкөн Манасбек Самидинов каржылык чыр-чатакка кабылабы?
19-апрель, 19:30
2 847 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Манас” эл аралык аэропорту илгертен коррупциялык тармак катары сыпатталып келет. Далай ирет ири суммадагы акчалар боюнча коррупциялык элементтер айтылып, көмүскөдөн козуп келатышканын кайда жашырабыз? Убагында Бакиевдердин каалоосу менен Бакыт Сыдыков “Манас” эл аралык аэропортун жетектеп, кыйла байыганы жалганбы? Мультимиллионерге айланганы, камалып кетерде атасынын аброю, аксакалдардын колдоосу менен сакталып калганын танабы? Каржылык чатактардан улам Бакиевдердин тушунда көгала койдой таяк жеп, ооруканага жатып калганы ЖМКларда катуу талкууланган. Убагында топтоп алган “мыдырлары” менен Жогорку Кеңешке депутат болуп, учурда акылдуу сүйлөмүш этет. Моралдык укугу барбы? Баш чайкайсың да...
Мурдагы көч кайда барса, кийинкиси ошонун артынан кеткендей эле, он жылдан ашык убакыттан бери “Манас” эл аралык аэропорту президентке жарыбай келет. Улам келген бийликтин алдым-жуттум чала кадрлары жутунушуп, күзгүбүзгө айлана турчу тармакты артка тартышып, баркын да кетирип салышкан. Учурдагы жетекчиси Манасбек Самидинов түз эле төбөлдөргө баш ийерин, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевди каакы ордуна көрбөй калганы кандай? Манасбек өзүн өтө акылдуу сезип, пиар менен алектенгенди сүйөт экен. Же кылып аткан кыйраткан иши болсочу? Тек гана сылаң короздонуп, жогорку төбөлдөргө жагынуунун гана аракетинде жүргөндөй. “Манас” аэропортун эл аралык стандарттарга, заманбап талаптарга чыгарууга шаасы, дарамети жетпей, куру популизм менен алектенип атат. Эгерде УКМКнын изкубарларына мүмкүнчүлүк берилсе, Манасбек Самидиновдун былыктарын таап чыгышары болжонууда. Бул таризде тар чөйрөдөн бекер кеп чыкчу эмес эле. Убакыттын өтүшү менен каржылык чатактар боюнча айыпталабы? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт."Азия Ньюс" гезити