Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек ЖУНУС уулу: “Кыргызстандагы керемет көлдөрүбүздүн баары бирдей корголууга муктаж”

Алтынбек ЖУНУС уулу: “Кыргызстандагы керемет көлдөрүбүздүн баары бирдей корголууга муктаж”

21-октябрь, 14:03
491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алтынбек мырза, депутат Экмат Байбакпаев сунуштаган мыйзамга карата көз карашыңыз кандай?

-- Кечээ коллегабыз Экмат Байбакпаев  2021-жылдан баштап  Ысык-Көлдүн жээгинде бизнес кылуу үчүн курулуш иштерин жүргүзгөн, коттедждерди салган ишкерлер сөзсүз  канализациясын, саркынды сууларды тазалоо системасын кошо салбаса, эч кандай курулуш иштерине уруксат берилбесин деген мыйзам долбоорун алып келди. Албетте, бул демилге колдоого арзыйт. Бирок, бул мыйзам жалаң Ысык-Көл менен гана чектелип калбай, Кыргызстандагы жалпы объектилерге, башка кооз жерлерибизге, көлдөрүбүзгө да тийешелүү болушу керек. Мисалы, Соң-Көлдүн айланасына мурда чабандар гана барчу. Бүгүнкү күндө болсо ал жерде он-жыйырма бозүй тигип, туристтерди кабыл алган комплекстер пайда болду. Алардын канализациялык системасы барып Соң-Көлгө куюлат. Ошон үчүн мен бул мыйзам Соң-Көл, Сары-Челек сыяктуу керемет көлдөрүбүздүн баарына жалпы иштесин деп сунуш бердим. Буюрса, экинчи окууда дагы толуктоолорду киргизебиз. 

-- Биз бир жагынан туристтердин көп келишин каалайбыз. Ошол эле учурда туризмдин өнүгүүсү  экологиялык көйгөйдү пайда кылышы да мүмкүн экен. Андай болбошу үчүн эмне кылуу керек?

-- Туризм дүйнө жүзүндө эң кирешелүү тармак болуп эсептелет. Биз заманбап техникаларды жасап, айфондорду чыгара албагандан кийин туризм – бул биз үчүн эң ылдам, оңой киреше алып келүүнүн жолу. Эгер биз мыйзам базасын туура түзүп, туристтердин коопсуздугун камсыздап, алар Кыргызстанга коркпой келгендей кылып, ошол эле учурда биздин жаратылышка да зыян келбегендей шарттарды түзсөк, экологиялык жактан проблема деле жаралбайт. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер