Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: “Аскар Акаев кыргыз элине эркиндик берип кетти”

Бекболот Талгарбеков: “Аскар Акаев кыргыз элине эркиндик берип кетти”

09-ноябрь, 15:47
1 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекболот байке, сиз биринчи президент Аскар Акаев бийликтен кеткенден бери дайыма байланышта болуп келе жатасыз. Жакында анын чоң эмгеги жарык көрүптүр. Ал боюнча окурмандарга айтып берсеңиз?

-- Ооба, өткөн айда Аскар Акаевичтин Москва мамлекеттик университетинин ректору, академик Виктор Садовничий менен биргеликте “Математические модели для прогнозирования большого цифрового цикла развития мировой экономики” деген илимий эмгеги жарык көрдү. Көлөмү 55 басма табак (675 бет).

Мен биздин университеттин экономика факультетинин студенти кезимде (1974-79-жж.) коммунизм системасынын улуу жолбашчысы Карл Маркстын “Капитал” деген өлбөс-өчпөс китебинин бир барагын да калтырбай, конспектилеп окуп чыккам. Андагы терең талдоолор, бай теориялык жана эсептик көрсөткүчтөр, таамай жыйынтыктарды окуп-билип, Маркстын даанышман инсан экенине баа берүүгө туура келет эле. Эми азыр, жарым кылым өткөн соң, Акаев жана Садовничийдин монографиясын окуп чыгып, мен XXI кылымда жазылган “Капиталды” көрдүм. Ооба, Маркстын эмгегиндей эле терең талдоолор, бай теориялык жана эсептик көрсөткүчтөр, таамай жыйынтыктар, сунуштар! 

-- Албетте, гезит форматы ал эмгектин мазмунун тизмектеп берүүгө шарт түзө албайт. Ошентсе да айрым ой-пикирлерди айтарсыз?

-- Экономист катары мени экономикалык жагдайлары кызыктырды. Өзүм ойлоп жүргөн суроолорго жооп издедим. Ошондуктан Акаев–Садовничийдин эмгегине таянып ой-пикир бөлүшүүнү туура көрүп турам. Айтсак, катардагы жарандар үчүн экономика – бул киреше, салык, баа ж.б. Ал эми өлкө жетекчилери, алардын өкмөтү бийик турушуп, макроэкономика боюнча ойлонушу зарыл. Кеп ошол жөнүндө.

Окурмандарга жөнөкөйлөтүп түшүндүргөнгө аракет кылайын. Атактуу экономисттердин изилдөөлөрүнө таянсак, экономика – өзүнө таандык “жашоосу”, мыйзам ченемдери бар тирүү организм сыяктуу. Ушул мезгилге чейин адамзат экономиканын беш муунун башынан өткөрүптүр. Алгачкы муундун башталышы 1780-жыл деп эсептелет. Дал ошол кезде индустриализация доору башталган. Ар бир муун болжолу 35-50 жылды түзөт. Экономисттер тарабынан 3-муун (1896-1946-жж.), 4-муун (1946-82-жж.) жана 5-муун (1982-2018-жж.) жакшы изилденген. Ал эми 2018-жылдан тарта башталган 6-муун 2050-жылга чейин созулат. Акаев-Cадовничийдин эмгегине таянсак, бул теориянын башатында орус экономисти Николай Кондратьев жана австриялык экономист Йозеф Шумпетер турушкан. 

-- Ал теориянын биз үчүн кандай мааниси бар?

-- Мааниси абдан чоң. Аны түшүнүш үчүн экономиканын 4-муунуна (1946-82-жж.) тыкыр көз салалы. Бул муундун алгачкы 25-30 жылында коомдук экономика (CCCP, Чыгыш Европа алкөлөрү, Кытай) жана рынок экономикасы (АКШ, Батыш Европа, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү) өнүгүү жагынан теңтайлашып келишкен. Бирок муундун соңунда, болжолу 1975-жылдан тарта, коомдук экономика артта кала баштайт. Муну улуу кытай реформатору Дэн Сяопин биринчи түшүнсө керек. Ал 1978-жылы “төрт өзгөрүүлөр” реформасын баштап, өз өлкөсүн жемиштүү жолго салып, экономиканын бешинчи муунуна өткөрө алган.

Чыгыш Европа өлкөлөрү (Польша, Венгрия ж.б.) коомдук экономиканын ресурсу түгөнгөнүн, ал эч убакта бешинчи муунга өтө албасына көздөрү жетип, дээрлик он жыл (1980-90-жж.) СССРдин “темир кучагынан” чыгууга жан үрөшкөн.

Ал эми дүйнөдөгү ири эки державанын бири, СССРдин жетекчилиги, тилекке каршы, эски көз караштан чыга алган эмес. Алар 1982-жылы зор масштабдагы “Азык-түлүк программасын” кабыл алышат. Ал программа СССРдин кыйрап жок болушунун башаты болду. Эске салсак, 1982-жылы СССРдин лидери Леонид Брежнев каза болуп, анын ордуна Юрий Андропов келген. Жаңы лидерден совет эли жакшы жашоону күткөн. Андропов зор аракет жасады. Өлкөдө темирдей бекем тартип орнотуп, коррупция менен аёосуз күрөштү. Бирок оң натыйжа болбоду. Ошондо ал “мы плохо знаем то общество, в котором мы живем” деп кейиген. Аттиң, ошондо ага коомдук экономиканын күч-кубаты, ресурсу төртүнчү муун менен гана чектелерин, ал эч качан бешинчи муунга секире албасын түшүндүрүп берген жан болсочу! Тилекке каршы, кийинки лидерлер да (Черненко, Горбачев) Акаев-Cадовничий айтып жаткан экономиканын ички маңызын, мыйзам ченемдерин түшүнө алышпай, СССРдин толук кыйрашына жол беришти. 

-- Чыгыш Европа жана постсоветтик өлкөлөрү анан кантип экономиканын бешинчи муунуна өтүшкөн?

-- Ал процессти Польша баштаган. Андагы экономист Лешек Бальцерович “шок терапиясы” деген программаны сунуштап, ишке ашырган. Анын тажрыйбасын калган коңшу социалисттик өлкөлөр, ошондой эле Прибалтика өлкөлөрү (Литва, Латвия, Эстония) пайдаланышкан. Чыгыш Европада “шок терапиясы” бир гана өлкөдө – Германия Демократиялык Республикасында (ГДР) колдонулган эмес. Анда реформаны Германия Федеративдик Республикасынын жетекчилиги ишке ашырган. Алар “өнөр жайы абдан өнүккөн”, “социализмдин витринасы” деп эсептелген ГДРдин завод-фабрикаларын бульдозер менен түрттүрүп салышкан. Жумушчуларын өздөрүнүн завод-фабрикаларында стажировкадан өткөрүшүп, ГДРде жаңы, бешинчи муундун ишканаларын куруп, эки өлкөнүн экономикасын бир системага өткөрүшкөнү ырас. “Коомдук экономиканы сактап, аны андан ары өнүктүрсө болот эле” дешип, ушул кезге чейин арабызда какылдап жүргөндөргө Батыш немистери таамай жоопту эбак эле практика жүзүндө көрсөтүшкөн.

Постсоветтик өлкөлөргө келели. СССРден мураска калган коомдук экономика, төртүнчү муун соңуна чыкканына байланыштуу, эбегейсиз кыйроо процессине кабылган. Жаңы эгемен өлкөлөрдө ишканалар биринин артынан бири ишин токтотуп, айыл чарба тармагы көнүмүш зор дотациядан куржалак калгандыктан колхоз-совхоздор жээкке ыргытылган балыктай өлүп-талып талкаланып, каржы системасында гиперинфляция орун алып, калктар жакырчылыкка жана ачарчылыкка баткан. Бир мисал. Россияда 90-жылдары 78 миң завод-фабрикалар банкрот болушуп, иштерин токтотушкан. Жүз миңдей кыштактар жоголуп жана деградацияга кабылышкан эле. Россия 1991-2000-жылдар аралыгында 256 миллион гектар айыл чарбасына жарактуу жерден кол жууган. Бул аянт Европанын ири өлкөсү Франциянын жалпы аянтынан төрт эсеге, ал эми Кыргызстандын жалпы аянтынан жыйырма эки эсеге көптүк кылат. Өткөн отуз жыл ичинде орус айыл эли кыргыз айыл элине салыштырмалуу төрт эсе начар жашап келишет. Миңдеген карт тарыхы бар Россия 90-жылдардагыдай алааматты мурда башынан өткөрүп көргөн эмес. Эгер биздеги “кошокчулар” ал жакта жашашканда боздоп ыйлай беришип, көздөрү агып калышмак экен. 

Постсоветтик өлкөлөрдө экономиканы реформалоодо “шок терапиясы” мүмкүн эмес болчу (Прибалтиканы кошпогондо). Анткени жетимиш жылда мамлекеттин “тетиктерине” айланышкан калк ал “терапияны” көтөрө албай кырылып калмак. Ошондуктан бул өлкөлөрдө негизинен орус реформаторлорунун “ваучеризация”, “акционирование” сыяктуу пайдасынан зыяны көп рецепттерди колдонушкан. Бирок, ар кайсысы өз жолдору менен 2000-жылга карата экономиканын бешинчи муунунун алгачкы, төмөнкү тепкичине (фазасына) жапырт өтүшкөн. 

-- Эгемен Кыргызстанга токтолсоңуз…

-- Кыргыз ССРинде кыйроо процесси 1989-жылы эле башталган. Дүкөндөр аңгырап бош калып, азык-түлүк талон менен берилип калганы эсибизде. Кийинки бир эле жылда колхоз-совхоздордогу 8,3 миллион койдун 2 миллиону жок болгон. Алар айлык акыга жана зарыл каражаттарды (үрөн, ГСМ ж.б.) сатып алууга жумшалган эле. Компартия жетектеп турган 1990-жылдагы экономикалык кыйроо, образдуу айтсак, тогуз баллдык жер титирөөдөй абалда калган. СССРдин курамындагы он беш республиканын ичинен бизден оор турмушту Армения гана башынан өткөргөнү белгилүү. Ал абалда компартия жетекчилиги толук банкрот, дараметсиз экенине көздөрү жеткен “легендарлуу парламенттин депутаттары биринчи президент кылып прогрессивдүү инсан Аскар Акаевди шайлашат. Экономиканын төртүнчү муунунун соңунда “жашоосу” бүткөн эгемен Кыргызстандын экономикасын он жыл аралыгында бешинчи муундун алгачкы тепкичине көтөрүп чыгуу – бул президент Аскар Акаевдин жана анын үч өкмөтүнүн (башчылары Насирдин Исанов, Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов) зор эмгеги! Бул эмгекти түшүнбөгөндөр, акыл-эси “таш доорунда” калгандар али жетиштүү. Ырас, президент Садыр Жапаров ал тарыхый эмгекти туура баалап, Исановго жана Жумагуловго “Кыргыз Республиканын Баатыры” деген наамды ыйгарды. Бирок ошондой эле наамдын Чынгышевге берилбегени адилетсиздик болуп калды. 

-- Бирок “коомдук экономиканы сактап калышкан” деп айрым адамдар бизге Беларусь жана Өзбекстанды мисал кылып айтып жүрүшөт го?

-- Макул, талдап көрөлү. Алгач Беларусту алсак, ал эгемендик алганда эле бир топ артыкчылыгы болгон. Биринчиси, географиялык абалы. Өлкө Европанын ортосунда, товар экспорту үчүн эбегейсиз Россия менен чектеш. Экинчиси, аянты Кыргызстанга барабар. Ал эми сугат жери биздикинен беш эсе көп. Топурагы дүйнөлүк эталон, климаты нымдуу, сугат көйгөйү жок. Үчүнчүсү, Кыргыз ССРинин өнөр жайы союздун керектөөсүнө байланган болчу (машина куроо, ок-дары чыгаруу ж.б.) Алар СССР кулаганда дароо банкрот болушту. Ал эми Беларустагы өнөр жай ишканалары эгемен өлкөгө ылайыктуу болуп чыкты (трактор чыгаруу, жер семирткич өндүрүү, радио, муздаткыч ж.б. тиричилик буюмдарын жасоо). Бирок, Беларустагы салыштырма жакшы жашоонун башка “сырлары” бар. Биринчи, 2014-жылы газ маселеси чыккан. Беларустун президенти Лукашенконун айыптоолоруна нааразы болгон орус президенти Путин түз эфирде жыл сайын Беларустун бюджетинин киреше бөлүгүнүн үчтөн бир көлөмү Россиянын дотациясы менен толукталып турарын ачыктап салган. Ал эми Кыргызстандын бюджетине бекер каражат берип турчу башка өлкө болгонбу? Болгон эмес. Экинчиси, Кыргызстандын калкы 7 миллион, Беларустуку 9 миллион. Айырма аз. Биздин өлкөнүн тышкы карызы 6 миллиард доллар. Ал эми Беларустукун “катастрофалык абалда” десек болот (38 миллиард доллар). Мына, бул өлкөнүн жакшы жашоосунун “сырлары”. Эми Беларустун экономикасынын натыйжалуулугун карап көрөлү. 

1). Ооба, белорус айыл калкы кыргыз айыл калкына салыштырмалуу эки эсе жакшы жашап келишет. Бирок, өткөн отуз жылда алардын өкмөтү колхоз-совхоздоруна 60 миллиард доллар дотация берди. Ал эми кыргыздын жаңы эркин дыйкандары өкмөттөн бир сом дотация алышабы? Жок, алышпайт.

2). Беларусь менен Голландиянын айдоо (сугат) жер аянттары тепетең. Беларусь жылына 8 миллиард доллар айыл чарба продукциясын экспорттойт, анын 70 пайызын Россия алат. Ал эми Голландиянын айыл чарба экспорту жылына 100 миллиард евро. Өзүңөр салыштыргыла. 

3). Сингапур өлкөсү 1965-жылы эркиндик алганда экономикалык кубаты Белорус ССРинин бир районунун кубатына теңдеш болчу. Сингапурдун калкы азыр Беларустан болгону бир жарым эсе аз, ал эми аянты үч жүз элүү эсеге (!) аз. Учурда Сингапурдун жылдык ички дүң продукциясы (ИДП) 467 миллиард доллар, жан башына 67 миң доллар. Беларуста жылдык ИДП 72 миллиард доллар, жан башына 6 миң доллар. Жарым кылым мурда Сингапурдун экономикалык кубаты Белорус ССРинен жүз эсе чабал болчу. Ал эми азыр Беларустун экономикалык кубаты Сингапурдан он эсе чабал! Мына, белорустардын сары майдай сактаган коомдук экономикасынын баасы. 

-- Өзбекстан боюнча да айтсаңыз?

-- Президент Ислам Каримов башкарган мезгилде ал өлкө да экономиканын бешинчи муунунун алгачкы тепкичине көтөрүлгөн. Андан ары жылыш болгон эмес. Каримовдун үч “көзүрү” бар эле. Экөө жаратылыш байлыгы – газ жана алтын. Үчүнчү “көзүрү” – айыл элин, өзгөчө балдарды эзип иштетүү, алардын кирешесин мамлекетке алып туруу. Соңку чейрек кылымды алсак, өзбек айыл эли кыргыз айыл элинен үч эсеге начар жашап келишет. Өзбекстандын калкы биздин түштүк облустарда кыргыздарга жалданып, эптеп-септеп жан багып келүүсү эч жашыруун эмес. Ал эми Өзбекстандагы балдардын пахта өндүрүүдөгү эмгегин дүйнө коомчулугу тынбай сындап келген. Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) билдирүүсүнө ылайык, Каримовдун бийлигинде жылына 2 миллион мектеп окуучулары пахта өндүрүү иштерине тартылчу. Демек, соңку отуз жылда 60 миллион окуучунун кирешеси өлкөнүн бюджетин толуктап турган. МОТтун маалыматы боюнча алар “кул” катары иштетилчү. Ал “кулчулуктан” балдарды президент Шафкат Мирзиёев 2021-жылы гана куткарды. Салыштырсак, эгемендик жылдары Кыргызстанда балдардын эмгеги колдонулган эмес. Каримовдун коррупцияга да алы жетпеди. Анын кыздары эле жүздөгөн миллион долларлап элдин ырыскысын жеп турушкан.

Жыйынтыктасак, Беларусь жана “каримовдук” Өзбекстанды бизге үлгү тутууга эч негиз көрбөй турам.

-- Сиз 2000-жылга карата “постсоветтик өлкөлөр бешинчи муундун алгачкы тепкичине өттү” деп жатасыз. Андан ары жогорку тепкичине өткөндөр болдубу?

-- Ооба, айрым өлкөлөр. Экөөнө токтолоюн. Биринчиси – Грузия. Бул өлкө да 1990-95-жылдары ири кыйроого учураган. Өндүрүштүн көлөмү 1960-жылдагы деңгээлге түшкөн. Кийинки он жылда да эл жакырчылыкта жашаган. Бул абалда президент болуп шайланган Михаил Саакашвили сапаттуу реформалары менен өлкөнүн экономикасын бешинчи муундун жогорку тепкичине көтөрө алды. Ал башкарган биринчи эле мөөнөттө (2004-2008-жж.) өлкөнүн ИДП өсүш темпи 9-12 пайызды түзүп турган. Бюджеттин киреше бөлүгү алты эсеге, товар экспорту үч эсеге көбөйгөн. Орточо айлык сегиз эсеге өскөн!

Экинчиси – соңку Өзбекстан. Шафкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан бери (2016-ж.) бул өлкөдө жакшы өнүгүү башталды. Ири мамлекеттик ишканалар менчиктештирилип, 24 эркин экономикалык аймактар түзүлдү. Чет өлкөлүк инвестицияга мыкты шарттар каралып, ачык рынок экономикага кеңири жол ачылды. Өкмөттүн соңку программасына ылайык, 2022-2026-жылдары өлкөдө 120 миллиард доллар көлөмүндө инвестиция иштетилет. Өзбекстан учурда динамикалуу өсүштү башынан өткөрүп жаткан өлкө. Демек, эгер биз постсоветтик башка өлкөлөрдөн үлгү алгыбыз келсе, анда Саакашвили жана Мирзиёевдин реформаларын, иш-аракеттерин терең изилдеп, аларды пайдаланышыбыз керек.

-- Кыргызстанга келели…

-- Аскар Акаевдин соңку эки өкмөтү (башчылары Курманбек Бакиев, Николай Танаев) иштеген учурда (2001-2005-жж.) экономика инерциялык темп менен алдыга жылып турган. Бирок жаңы, сапаттуу реформалар жүргүзүлбөдү. Бул эки өкмөт курч саясый процесстерден башы чыга албаган. Экинчи президент Курманбек Бакиевдин тушунда деле ушул сценарий кайталанган. Убактылуу өкмөт орноткон мамлекеттик анархиялык башкаруу системасында болсо (2010-2020-жж.) экономикада жылыш болбоду. Өлкөнүн өндүрүшү Кытайдын ири суммадагы кредиттери менен иштеп турду.

Учурдагы бийликтин ийгиликтери, кемчиликтери да жетиштүү. Жакшы иштерин айтсак, анда президент Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинин алдында мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишин, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөштү атасак болот. Ал эми өлкөнүн экономикасы, тилекке каршы, Аскар Акаев жана анын алгачкы үч өкмөтү түзүп берген бешинчи муундун алгачкы тепкичинде эле калып, иштеп жатат. Садыр Жапаров экономиканын “эки тизгин, бир чылбырын” Акылбек Жапаровго карматкан. Бирок эмгек жолунда “ХИПИК программасына кирүүбүз зарыл, ар бир облусубузду өнүккөн жети чет мамлекетке өткөрүп берели, кыргыз элинин токсон пайызы Россияга кошулууга даяр” деген сыяктуу акылга сыйбаган сунуштары менен белгилүү адамдан жакшы иш күтсө болобу? Туура, Акылбек Жапаров тажрыйбалуу финансист, бирок анын прогрессивдүү экономикалык көз карашы, билими, инновациялык программасы жок. Анын “салыкты көбөйтүү жолу менен бюджеттин кирешесин жогорулатам, анан айлык, пенсияга акча кошом, жол, көпүрө ж.б. курам” деген примитивдүү экономикалык программасы кыргыз экономикасын аксатып келатат. Анын “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата ГЭСин, Асман шаарын курабыз” сыяктуу пландары кооз жомок бойдон калууда. Соңку үч жылда элди кымбатчылык кара тумоодой эле каптады. Өлкөнү жакырчылык 90-жылдардагыдай эле басып, жаз алды менен аймактарда элдик толкундоолор башталганы турат. Коңшу өлкөлөрдүн өкмөттөрү (Казакстан, Өзбекстан) экономиканын алтынчы муунуна өтүүгө аракеттерди көрүп жаткан мезгилде экономиканын бешинчи муунунун төмөнкү тепкичинде “магдырап уктап жаткан” кыргыз өкмөтүн карап жан кашаят! Акылбек Жапаров упчу сордурмай, көз будамайламай фокустары менен элди экономикалык караңгылыкта, туңгуюкта камап келатат.

-- Сиз экономиканын алтынчы мууну жөнүндө да айтып жатасыз. Ал боюнча маалымат бере кетсеңиз?

-- Өткөн жылы Аскар Акаевди лекция окуп берүүгө президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга чакырган. Алматы шаарында университетте, беш жүз адам чогулган залда мен да катышкам. Ошол жерде Акаев алтынчы муун жөнүндө маалымат берди. Ал 2018-жылы башталган жана 2050-жылга чейин созулат. Ал экономиканын өзөгүн NBIC-технологиясы түзөт (N – нано, B – био, I – информационно, С – конгнитивные технологии). Дүйнөнүн жети өлкөсү бул муунга кадам ташташыптыр (АКШ, Япония, Германия, Улуу Британия, Франция жана Канада). Булардын артынан БРИКС өлкөлөрү (Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк-Африка Республикасы) кириши күтүлүүдө. Акаевдин кеңеши менен Токаев БРИКС уюмуна Казакстанды мүчө кылууга аракет жасоодо.

Айтмакчы, Алматы университетиндеги лекциядан соң Аскар Акаевдин эмгек жолу боюнча чакан талкуу болуп, ага элүүдөй адам катышты. Мен да сүйлөдүм. Мазмуну: “Аскар Акаев президент катары кыргыз элине эмне эмгек жасады? Ачарчылыкка кабылган элди, кыйрап жаткан өлкөнү сактап калды. Сазга баткан коомдук экономиканы жаңы экономикага өткөрдү. Эгемендиктин фундаментин курду. Улуттук валютаны алгачкы болуп киргизди. Жемиштүү айыл реформасын жүргүздү. Элибизге ынтымак, тынчтыкты камсыз кылды. Бирок, эң башкысы – Акаев кыргыз элине эркиндик берип кетти. Дүйнө коомчулугу эгемен Кыргызстанды “Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деген сыймыктуу наам менен тааныды. Эркиндик – бул аба сыяктуу. Аба барда анын баркы билинбейт. Ал жок же жетишсиз болсо гана аны баалашат. Дүйнө тарыхын карасак, ар бир жаңы мамлекет башчысы инстинктивдүү түрдө эркиндикти чектөөгө, муунтууга жан үрөйт. Анткени эркиндик – бийликтин башкы оппозициясы. Эркиндик билинбестен ар бир адамга кошумча акыл-эс, күч-кубат, дем берет. Учурдагы кыргыз – эркин ойлонгон, эркин сүйлөгөн, эркин аракет жасаган инсан. Кыргыздар бүгүн дүйнөнүн баардык булуң-бурчунда өздөрүн мыкты жагынан көрсөтүшүп, улутубузду даңазалап келе жатышат. Бул – тунгуч президенттин эмгеги, кыргыз элибизге тартуулап кеткен белеги!” Аныгында, коңшу элдер кыргыздарга суктанышат. Муну мен талкууга катышкан казактардын жүздөрүнөн да көрдүм.

-- Аскар Акаев 10-ноябрда 79 жашка чыгат. Сиздин каалооңуз…

-- Улуу орус публицисти Иван Крыловдун “Пил жана кандек” деген тамсили бар. Аскар Акаевдин кыргыз элине, мамлекетине жасаган тарыхый эмгектерин баалабай, ал берген эркиндиктен пайдаланып, аны ушактап, каралап жүрүшкөн айрым деңгээли пастарга айла жок, бирок ага сынтагып, Крыловдун кандегинче “үрүп” келатышкан, өздөрүн “саясатчы, коомдук ишмер, илимпозбуз” дегендерди көрүп, “Кудайдын ичи кенен тура!” деп аргасыздан алакан жаясың. Бактыга жараша мезгил жана тарых баарын өз ордуна коюп келатат. Ден соолугуңуз бекем болуп, кылым аша жашаңыз, урматтуу Аскар Акаевич!


Асланбек Сартбаев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер