Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Контрреволюционер Исхак Масалиевдин зыянкечтигин билесиңерби?

Контрреволюционер Исхак Масалиевдин зыянкечтигин билесиңерби?

11-февраль, 22:34
796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийлиги кулап, канга забын болгондор кубаланат. Жаңы бийлик келип, толук кандуу күчкө кире электе контрреволюция уюштурулганы эсибизде. Бакиевдин бийлигин кайра алып келүү үчүн Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиев, Нариман Түлеев, Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуулар элди көтөрүшүп, бирок максаттарына жетпей калышкан. Биз эмне үчүн бул окуяга кайрылдык? Эмесе, негизги түйүндү чечели...

2000-жылы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого талапкерлигин койгондо, Исхак Масалиев штабын башкарат. Экөө ымалашкан дос эле. Бирок көп өтпөй мамилелери сууйт. Масалиев оппозицияда аягына чейин жүрө албай, Акаев бийлиги менен “ойноп” кетет. Агезде саясатчы катары деле салмагы жок, болгону атасынын аброю, фамилиясы менен аты чыга баштаган. 

2005-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги келгенде трайбалисттердин күнү тууп, алар чекесинен “майталкандарды” ээлей башташат. Бул жагынан Исхак Масалиев да кур калбай, “жемдүү акырга” башын тыгып жүрдү. 2007-жылы “Коммунисттер” партиясы парламенттик шайлоого өттү. Албетте, бийликчил “Акжол”, оппозициядан КСДП, анан “куурчактар” катарында Масалиевдин “Коммунисттерин” кыпчып койгон. Эл көзүн будамайлоо таризинде... Бакиев режиминде канчалаган буюртма адам өлтүрүүлөр арбып, коррупция жайылып, кландык бийлик акылга сыйбаган өкүмзордугун жасап атканда, биз кеп кылып аткан “каарман” кошоматчы, жактоочу катары бийликтин “жүгүрүгү” эле. 

2010-жылы 7-апрелде төңкөрүш болуп кетип, жогоруда эстегендей, Үсөн аке менен Исхак бийликти күч менен алууга батынышып, бирок элдин колдоосуна арзышкан эмес. Экөө тең камалышып, түрмөдөн зар какшай кечирим суроо менен кутулуп чыгышканы жалганбы? 

Ошентип, Масалиев ары-бери “түрткүнчүк” болуп жүрүп, акыры Атамбаевдин тилин таап, жагынып, салык кызматынын төрагалыгына дайындалат. Бул күн 2012-жылдын 12-сентябры эле. Бирок ишке келгенде үңкүйгөн неме аксап, бүтүндөй системанын чалмакейин чала баштайт. Айрым мисалдарды келтирели. 2013-жылы 15-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештен салык кызматы планды аткара албаганын шардана кылат. Иш артка кеткенин белгилеп, Исхак Масалиевге сөгүш берет. 

2014-жылдын январь айында дагы бир чуулган чыгат. Салык кызматына депутаттардын 50дөн ашык кеңешчи-жардамчыларын конкурссуз негизде Исхак Масалиев жумушка алып, коомчулуктун сынына кабылган. Мунун өзү мыйзамга шек жараткан, “кагазга оролгон” коррупциялык иш эмеспи? Депутатка кеңешчи-жардамчы болуп жүргөн 50дөн ашык адам карьералык секирик жасашканын карабайсыңбы! “Эң майлуу” делген салык кызматына куру кол эле орношуу жомок да, туурабы? Ары жагын өзүңөр чечмелеп алгыла...

Ошентип, 2014-жылдын апрель айында Исхак Масалиев салык кызматынын жетекчилигинен айдалат. Агездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев аталган мекеменин ишин сынга алып, 2014-жылдын биринчи кварталында салык чогултуу 89 пайызы гана аткарылганын, бюджетке 1124,4 миллион сом түшпөй калганын билдирет. Мындайча айтканда, Масалиев бул акчаны “ап” этип койгонбу? Же казиного уттурганбы? Кандай болгон күндө да, шалаакылыгы, кайдыгерлиги үчүн мамлекетке зыян келтирдиби? Суроолор көп. 

Ток этерине келсек, учурда элге акыл үйрөтүп, өзүнчө тыңсына берген Исхак Масалиев аткаруу кызматында ашмалтайы чыгып кеткени, ага чейин бийликти басып алууга шектелип, түрмөгө отуруп чыкканы факт! Эми ушундай адам парламентте туруп алып бакылдап, үлгү көрсөтчүдөй талпынат. Күлкүң гана келет да. Өткөн күнүнө бир кылчайып койсо... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер