Кыргыздын мыкты уулу Болот Мамбетовдун эмгектерин эл билсин

Мени чыгаан мамлекеттик ишмер, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Болот Мамбетовдун иши, өмүр баяны жөнүндө элде маалыматтын жоктугу өкүндүрөт. Ошондон улам, ушул макаланы жазып алып, массалык маалымат каражаттарына кайрылып жатам.
Болот Мамбетовду мен көргөн эмесмин, тааныштыгым да жок болчу. СССР тышкы иштер министрлигинде көп жыл иштеген классташ жолдошум Касымбай Намазбеков пенсияга чыгып Кыргызстанга келгенден кийин Болот Мамбетов атындагы фонд түзүп, ал фонддун мүчөлөрү, белгилүү советтик-партиялык жетекчилер Минич, Билик жана башкалар анын атын тарыхта калтыруу үчүн бир топ иш кылган. Алардын аракети менен гана Б.Мамбетовго Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн аллеясына анын бюсту орнотулган. Акаев президент болуп турганда атайын Б.Мамбетовду эскерүү иш-чарасы улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, өкмөт мүчөсү Нур уулу Досбол доклад жасаган.
2015-жылы Касымбай Намазбеков мага Болот Мамбетов жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөр китебин берди. Өзү ал кездеги президент А.Атамбаевге ушул маселе боюнча кире албай жүргөнүн айтты. Ошол кезде ооруп жүргөн, көп өтпөй каза болуп калды.
Мен андан алган китепти окуп чыккандан кийин Болот Мамбетов жөнүндө изилдеп көрдүм. Анан ал боюнча “Уруунун эмес, улуттун чыгааны унуттта калабы?” аттуу кеңири макала жазып “АкиPressтин” сайтына чыгардым. Атамбаевге Б.Мамбетовдун ысымын ал өзү курулушун жетектеген Чоң Чүй каналына ыйгаруу сунушун бергем. Ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору У.Жылкыбаев аркылуу облустун жашоочуларынын атынан да суранганбыз. Ошентсе да ал маселе чечилбеди.
Болот Мамбетовду жакшы билишкен эң көрүнүктүү ишмерлердин эскерүүлөрүнөн төмөндө айрым иштеринен мисал келтирип коёюн. Ал 1935-жылы Москва суу чарба инженерлери институтун аяктагандан кийин 16 ай Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
1936-жылы декабрда Кыргыз обкомунун чечими менен ошол кездеги стратегиялык мааниси бар ирригациялык өңүттө эң маанилүү жана татаал республикалар аралык (Өзбекстандын 3 районун жана Кыргызстандын 14 районун бириктирген) Араван–Ак-Буура ирригациялык башкармалыгын жетектектейт. Ошол мезгилде өлкө түштүгүндө азырга чейин үзүрү көрүлүп жаткан ири жана татаал ирригациялык курулуштар элдик курулушка айланып, тез жана сапаттуу курулган.
Анын бул аралыкта Ош облусунда жасаган иштери “Советская Киргизия” гезитинин 24.12.1939-жылдагы санында кеңири берилген: “...Болот Мамбетовдун демилгеси менен быйылкы жылы Араван-Сай сугат системасын кайра куруу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Мында кырктан ашуун инженер иштеген. Эми реконструкция 2600 гектар какшыган жерди сугаруу мүмкүндүгүн берери далилденген. Келерки жылы Болот Мамбетовдун бул оюн ишке ашыруу башталат. Анын демилгеси боюнча, анын катышуусу менен 12 чакырымдык таш төшөлгөн Гуаян-Сай (кийин Биринчи Май аталып калган) каналын тездетилген курууну иликтөө жүргүзүлгөн, натыйжада 2-2,5 миң гектар жер сугат суу менен камсыздалмакчы”.
“...Кара-Суу районундагы Биринчи Май каналынын узундугу 12 чакырым, бир жыл кетет деп эсептелсе да, быйылкы жылы жайында 8 күн аралыгында казылган” деп жазылган макалада (гезиттин көчүрмөсү тиркелет). Ошентип 4 жыл аралыгында 2 жаңы канал курулуп, 16 эски райондук канал кайра жасалган. Жалпысынан 16 райондук канал бүткөрүлгөн.
1937-жылы Болот Мамбетовдун демилгеси менен Ош шаарынын паркында Комсомол көлмөсү курулган. Ушул иштери үчүн Эмгек Кызыл туу ордени, Кыргыз ССР Жогорку советинин Ардак грамотасы, 1000 сом акчалай сыйлык алган.
***
1940-жылы Кыргызстан КП БКга секретарь болуп которулуп, ага транспорт, байланыш жана ирригациялык курулуштар боюнча кызмат жүктөлөт. Академик Курман-Гали Каракеевдин эскерүүсү боюнча, Болот Мамбетовдун сунуштары дайыма өкмөттө жана БКнын жетекчилигинин жактыруусун жана колдоосун таап турган.
Согуш убагында СССРдин батыш жагынан адамдар жана ишканалар эвакуацияланып келгенде, аларды кабыл алуу жана жайгаштыруу милдети Б.Мамбетовго жүктөлүп, аны ийгиликтүү аткарган. 1941-1942-жылдары республикага 139,2 миң адам келген. Кыргызстанга көчүрүлүп келген 38 союздук жана республикалык маанидеги өнөр жай объектилери ишке киргизилген. Мурда белгисиз болгон коргошун, сымап, вольфрам өндүрүштөрү ишке киргизилип, металл чыгаруу, машина куруу, кенаф-джут, жибек, фармацевт өндүрүштөрү түзүлгөн.
1943-1945-жылдары Аламүдүн ГЭСи, бир катар жылуулук станциялары ишке берилген. Коргоо комитетинин токтомунун негизинде 1943-жылдын 14-ноябрында Аламүдүн ГЭС-2ни, Токмок, Каракол жана Жалал-Абад жылуулук станцияларын куруу башталган. Б.Мамбетов 1945-жылдын 1950-жылга чейин партиянын Фрунзе обкомунун биринчи секретары болуп турганда Чоң Чүй каналынын токтоп калган курулушу улантылып, анын жетекчилиги менен аягына чыгарылган. Орто-Токой суу сактагычын курууда ал жумушчулар менен аралашып, күн-түн дебей курулуш башында болгон. ЧЧК менен Орто-Токой суу сактагычынын курулушунун натыйжасында жалпысынан 175 миң гектар жердин суу менен камсыздалышы жакшыртылып, анын ичинен 82 миң гектар жер жаңыдан өздөштүрүлгөн.
Красная-Речка ирригациялык системасынын ремонту, республиканын бүтүндөй аймагы боюнча Нижний Ала-Арча жана башка суу сактагычтардын жана негизги ирригациялык системалардын курулушу да анын ысымы менен байланышкан. Облус союз боюнча кызылчанын түшүмдүүлүгү жана канттуулугу биринчи орунду ээлеп турган. Мына ушул иштерден улам республикада жылына 2 миллион тонна кант кызылчасынын түшүмү алынып, ал жети кант заводунун үзгүлтүксүз иштеп туруусун камсыздаган. Ар жылы 200 миң тонна пахта, 2 миллион тонна дан алынган. Ал эми 1957-жылы 11-январда пахтанын, кант кызылчасынын, дан эгиндеринин түшүмүн көбөйткөндүгү үчүн Кыргыз ССРинин Ленин ордени менен сыйланганы жөнүндө маалыматты Т.Усубалиевдин эскерүү китебинен алдым.
Дагы бир эмгек ардагери Кадыркул Качкеев согуш убагында Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун председатели Төрөбай Кулатов Сталинден Фрунзе–Рыбачье темир жолун куруу боюнча маселени көтөрүп, анын курулушу үчүн эмгек армиясына тартылган кыргызстандыктарды бошотуп берүүнү суранган. Ал жолугушууда катышып отурган Вячеслав Молотов “менин билишимче, ал жердин шарттары оор, тоону аралап өтөт экен” деген оюн билдирет. Бирок, Сталин “Вячеслав Михайлович, сиз экөөбүз курулушка катышпагандан кийин кыйын-жеңилин кайдан билебиз? Өзүбүз куруп алалы деп жолдун зарылдыгын, керектигин далилдеп айтып жатышкандан кийин биз эмнеге каршы болобуз?” дейт. Анда Молотов “сиз туура көрүп, макул болсоңуз, мен да макулмун” дептир. Сталинден уруксат алгандан кийин Б.Мамбетов ал убактагы СССРдин Эл комиссарлар советинин председателинин орун басары Лазарь Кагановичтин кабыл алуусунда болуп, темир жолдун курулушу боюнча бардык маселелерди чечип алат.
Ошентип темир жолдун курулушу башталып, анын жетекчисинин орун басарлыгына Б.Мамбетов дайындалат. 1948-жылы Балыкчыда темир жолдун курулушунун аякташына байланыштуу Кызыл-Сазда чоң майрам уюштурулуп, И.Раззаков сөз сүйлөгөнү менин да эсимде. Бул курулуштун бүткөрүлүшүндө Б.Мамбетовдун эмгеги зор экени көрүнүп турат.
Болот Мамбетов 1950-жылы өзү суранып, Москвада ачылган союздук республикалардын биринчи секретарларын даярдоочу курска кирет. Окуу убагында диссертация жазып, “Обновленный Кыргызстан” деген китеп жазып чыгарат жана экономика илимдеринин кандидаты наамын алат. Окууну бүткөндө Ленинград обкомунун экинчи секретарлыгына сунушталат. Бирок, Кыргызстан КП БКнын ошол кездеги биринчи секретары И.Раззаков ага макул болбой, Кыргызстанга алып келип, Москва суу чарба институтунун филиалынын директорлугуна дайындайт. Ошол кезде СССР айыл чарба министринин биринчи орун басарлыгы кызматына дайындоого да сунуш менен телеграмма келген. Анда да И.Раззаков болбой, бизде суу чарба министрлигине дайындайт. Ошентип Б.Мамбетов 1954-жылдан 1961-жылга чейин суу чарба министири болуп иштейт.
1961-жылы республиканын жетекчилери КП БКнын биринчи секретары И.Раззаков, Министрлер Советинин председатели К.Дикамбаев иштеги кемчилектери үчүн кызматтан бошотулушат. Менин жеке оюм боюнча, ошол учурда бардык жагынан (иш тажрыйбасы, эмгек жолу, билими) биринчи секретарь болууга Болот Мамбетов татыктуу болуп турган. Ал биринчи болуп калса, төмөндөгү өзү жазгандар ишке ашмак деп ойлойм: “По схеме разработанной среднеазиатский отделением “Гидропроэкта” здесь намечены три гидроэлектростанций 7-8 миллиард куб. Верхннарынский – 6 малый ГЭС сумм мощность 700 тысяч кВт/часов электроэнергии . Начало Ат-Баши ГЭС.
Во-вторых, Средненарынский каскад включает пять ГЭС мощностью более двух миллионов кВт/часов, который дадут народному хозяйству 11 миллиардов кВт/часов. Два крупных водохранилища .
Наконец, Нижненарынский каскад включающий введеную в строй Уч-Курганскую ГЭС и сооружаемую Токтогульскую, объемлет пять станций с несколько меньшей суммарной мощностью и выработкой, нежели Средненарынский каскад. Здесь создается одно, но самое крупное – Токтогульское водохранилище. Жемчуженное ожерелье Нарына будет поистине бесценным из всех сокровищ, созданных человеком в сердце Тянь-Шаня. Новые промышленные центры возникнут на базе дешевой энергии, новые прекрасные города вырастут в долинах”.
Тилекке каршы, Москва өзүмбилемдик кылып, жогорку билими, Болот Мамбетовдукундай жетиштүү тажрыйбасы да жок Турдакун Усубалиев биринчи секретарлыкка шайланат. Ошол убакта Т.Усубалиев 42 жашта, акыл-эси толуп турган учуру экен. Ал өзү деле айкөлдүк кылып, Б.Мамбетовду чакырып, “мен КПСС БКдан биринчи секретарлыкка дайындагыла деп суранганым жок. Өкмөттү жектектөө да өтө чоң кызмат. Сизди колдогон СССР Министрлер Советинин председатели Н.Косыгин, м амлекеттик пландоо комитетинин төрагасы Вознесенский экөөнү пайдаланып, өзүңүз айткан долбоолорду ишке ашырыңыз. Ошондо элге чоң кызмат кылган болобуз” десе жарашмак. Андай болгондо, экөөлөп элге жакшы кызмат көрсөтүшкөн болмок. Албетте, ага Болот Мамбетов макул болмок. Тилекке каршы, Б.Мамбетовдун билими, иштеген иштери Т.Усубалиев үчүн “ыңгайсыздык” жаратып жатпайбы...
Ошентип, ынтымак жетишпей, ортодо ыйкы-тыйкы кеп болуп, 1968-жылы январда Б.Мамбетов 60ка чыгары менен дароо пенсияга кетирилген. Ал да эч нерсе эмес. 1971-жылы Н.Косыгиндин жардамы менен Москвага көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Анткени, Фрунзеде ага тынч жашоого мүмкүндүк берилбеген. Ачык да, тымызын да кодулоо болуп турган. А Москвада 20 жыл жакшы эле жашаптыр. Н.Косыгин эки жолу жумушка чакырса да барбай, Москва шаардык партия комитетинин 1-секретары Гришиндин өтө жооптуу тапшырмаларын аткарып турган.
Албетте, республикадагы ири долбоорлорду ишке ашырууда ал союздук жетекчилер менен жакшы мамилесин пайдалана билген. ВКП (б)нын секретары А.А.Андреев Фрунзеге эвакуацияланган заводдорду, Ворошилов ГЭСин курууга жардам берсе, СССР мамлекеттик пландоо комитетинин председатели Н.А.Вознесенский Фрунзедеги аскердик заводдорду жана Фрунзе–Балыкчы темир жолун курууда көмөктөшкөн. СССР Министрлер Советинин председатели Н.А.Косыгин менен түз мамиледе болгон.
Мына ушундай эмгектери үчүн Болот Мамбетов үч Ленин, төрт Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери, он бир медаль, Ардак грамота менен сыйланган. Ага “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ирригатору” ардактуу наамы берилген.
***
Болот Мамбетов мекениндеги абалды гезиттер аркылуу билип турган. Кыргызстандагы белгилүү адамдардын дээрлик бардыгы Москвага барышканда Б.Мамбетовго кайрылып, баарлашып, кыргызча сүйлөшүп, чери жазылып калганын жубайы эскерген. Алар: Т.Кулатов, К.Качикеев, И.Акунбаев, К.Кондучалова, К.Ырыскулова, Э.Гореев, И.В. Иванов, К.Д. Жумагулов жана башкалар. Москвада жашап катышкандар А.Кангелдиев, А.Осмонбеков, М.Носинов кезигишип, дайыма сүйлөшүп турушкан. С.Ибраимов да барган сайын кезигип турчу. Ал шакирти болгон, анын каза болгонун гезиттен окуп, өтө капа болгонун эскеришет. Т.Кулатов да пенсияга чыкандан кийин барып көпкө жүрүп кетчү экен, себеби экөө жашташ да болушкан.
Дагы бир ири мамлекеттик ишмер Асан Кожомкулов Болот Мамбетовдун кадрлар жөнүндө кам көрүп, жаштардын арасынан идиректүүлөрүн тандап алып, С.Ибраимов, П.П.Глушаков, О.А.Билик, К.М.Батырканов, А.Алыбаев, Т.Сарбаев, Д.Джайчибаев сыяктуу кадрларды өстүргөнүн жазган. Өзүн да анын шакирти деп эсептеген.
Корутунду сөз
Бул макаланы жазгандагы максатым – ага азыр кыргызда мода болуп кеткендей, баатырлык бердирүү эмес. Болгону кыргыздын мыкты уулдарынын алдыңкыларынан болгон Болот Мамбетовдун эмгеги жөнүндө так, калыс маалыматты элге жеткирүү. Анткени, жакында Бактыбек Максүтов Турдакун Усубалиевди эскерип китеп чыгарыптыр. Анда Т.Усубалиевдин эмгеги кеңири саналганы менен аны менен үзөңгүлөш жүргөн, чогуу иштешкен Болот Мамбетов жөнүндө бир сөз да айтылбаганы өкүнүчтүү. Мында да кыргыздын ичи тарлыгы ойноп кеткенби, билбейм. Мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн ушунчалык чоң салым кошкон адамдын аты айтылбай калганы болбойт. Ошондуктан анын ысымы таптакыр унутта калтырылбай, жок дегенде өзү башында туруп курдурган Чоң Чүй каналына ыйгарылса, туура болмок...
Эсенкул Алиев, партиялык жана мамлекеттик ишмер, персоналдык пенсионер