Акыркы кабарлар
» Саясат » Турсунтай Салимов менен Тимур Файзиев “куспай” жатышабы?
Турсунтай Салимов менен Тимур Файзиев “куспай” жатышабы?
11-февраль, 17:00
754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов менен “Элит Хаус” курулуш компаниясынын башкаруучусу Тимур Файзиевдин камактагы мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды. Эки ишкер тең Камчыбек Көлбаевге жакын адамдар катары УКМК тарабынан талданып, алака-катыштары тергөөгө алынган. Сыягы, каржылык жактан алыш-бериштери болсо керек. А реалдуулук үчүн алганда, Турсунтай Салимов менен Тимур Файзиев “куспай” коюшуп, ошонун негизинде камакта калышканбы? Эгерде тергөө мыйзам бузууларды аныктаса, чын эле кылмыштуу катачылыктары чыкса, анда жооп беришет да. Соңунда сот чекит койсо керек. Кандай кырдаал жаралбасын, ак менен караны ажыратууга мезгил келди.
"Азия Ньюс" гезити