Акыркы кабарлар
» Коом » Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева карапайым жарандардын муң-зарын укпайбы?
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева карапайым жарандардын муң-зарын укпайбы?
24-май, 21:15


Соңку жылдары түрмөлөрдө өлүмдөр көп катталып, жакшынакай эле ден соолуктагы адамдардын сөөктөрү чыкканына кандайча түшүнөбүз? Бул боюнча тар чөйрөлөрдө талкуулар жаралып, бирок коомчулукка анчейин жете бербейт экен.
КР акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева адам укуктарын коргоо жана түрмөдөгү кыйноолорго карата кандай иш-аракеттерди кылууда? Мурда Камчыбек Ташиевден коркуп, жалтактап келсе, азыр ачык-айкын иштөөгө шарт түзүлдү го? Өз милдетин, вазыйпасын качан аткарат? Акыйкатчылыктын маянасын алып, сый-ургалын көрүп атса, анан ошого жараша иштеп, карапайым жарандарыбыздын муң-зарын укпайбы? Коомчулукка алып чыкпайбы?
Кыскасы, ушул көйгөйлөргө жооп бере турган мезгил келди.










