Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзбекстанга элчиликке аттанган Фархат Иминовдун артынан жаңжал чыкканда

Өзбекстанга элчиликке аттанган Фархат Иминовдун артынан жаңжал чыкканда

27-декабрь, 16:39
1 310 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Раматылык Айдар Акаев менен жүрүп, ити чөп жеп, андан кийин Максимдин этегине эрмешип, жакасына жармашып жүрүп дос болуп, “күн тийген жердин чоросу” болуп жүргөн Фархат Иминов деген эргул бар. 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2017-жылы үстүнөн иш козголуп, мандатын өткөрүп, дыргаяктап Кытайга кире качкан. Эми ошол куйругуна байланган калбырын калдыратып-шалдыратып, Фархат Иминовду Өзбекстанга Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоого сунушталып, анын талапкерлигин “чимкирик” парламенттин эл аралык байланыштар боюнча комитети жабык эшик артында карап, өткөрүп жибериптир (!) деген кептер тарады. Ал комитетти “гомосексуализм” деген сөздү окуп бере албай “гомо, гомосекс...” деп тердеп-тепчип жатып кутулуп, кийин коомчулук тарабынан “сексалю” атка конгон Тазабек Икрамов жетектейт экен. Депутат Тазабек Икрамов элчи деген өлкөнүн жүзү болорун деле билбейт окшойт. Эми элчилик орундар да сатыла баштаганбы? Болбосо, Кыргызстан үчүн эч нерсе кылбай, качан болсо өз кызыкчылыгын көздөгөн Ф.Иминовду уялбай элчи кылып жаткан бийлик эмнени көздөп жатат? Өзбекстанга элчи боло турган аттуу-баштуу коомдук ишмерлер, ыйгарым укуктуу элчилер калбай калса бир жөн. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер