Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көмүрдүн баасы арзандады

Көмүрдүн баасы арзандады

07-декабрь, 11:56
535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүнө таянсак, декабрь айынын биринчи жумасында көмүргө болгон орточо баа (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн) ноябрь айынын баалары менен салыштырмалуу бир тонна үчүн 81,55 сомго же 1,7 пайызга төмөндөдү. 

Өткөн аптада көмүргө болгон эң жогорку баалар Кара-Суу (тоннасы 8 124 сом), Ноокат (7 587 сом) жана Баткен (7 140 сом) шаарларында катталды. Ал эми эң арзандары Балыкчы (тоннасы 3 694 сом), Нарын шаарларында (3 549 сом) жана Чаек айылында (2 500 сом) болду.

Бирок айрым жерлерде көмүргө болгон баа өскөн учурлар дагы байкалды. Мисалы, Өзгөндө тоннасы 733,67 сомго же 15,6 пайызга жана Токтогулда тоннасы 421,05 сомго же 8,4 пайызга кымбаттады. 

Эскерте кетсек, көмүрдүн баасы суук түшө баштаганда жылдагыдан кымбаттаганын Улуттук статистика комитети иликтеген эле.

Aryba.kg

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер