Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдүн экинчи аял алуусуна каршы болуп, өзүм бирөөгө экинчи аял болдум...

Күйөөмдүн экинчи аял алуусуна каршы болуп, өзүм бирөөгө экинчи аял болдум...

19-май, 12:18
2 664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм өз жумушун кылып, мен үйдө балдарыбызды карап, жакшы эле күн өткөрүп жатканбыз. Бир күнү күйөөм кеңеше турган маселе бар экенин айтып, мени жанына чакырды. Барсам, “экинчи аял алайын деп атам. Бир келин бар, жакында эле күйөөсү автокырсыктан каза болуп, төрт баласы менен жесир калды. Аны аялдыкка алып, каралашып турайын” деген сунушун киргизди. Ошондо кызганыч сезимим күчөп, күйөөмдү андан ары сүйлөтпөдүм.

Менин кош бойлуу экенимди эске алып, күйөөм ойлонуумду өтүндү. Мен ойлонбой турганымды айтып, “сен аны ала турган болсоң, мен бул үйдөн кетем” дедим. Ошол учурда күйөөм сооп иш үчүн аларын, бирок мени жакшы көрөрүн айтты. Мен такыр көнбөгөн соң, мени ойлоп, ал аялга үйлөнгөн жок. 

Ошентип убакыт өтүп, биз кыздуу болдук. Арадан бир жыл өткөн соң күйөөмдүн ден соолугу начарлап кетти. Анын натыйжасында күйөөм каза болуп, төрт балам менен агамдын үйүнө бардым.

Күйөөм жок, анын баштаган иштери калып, жарды жашоого кептелдик. Агамдын 5 баласына менин 4 балам кошулду. Балдардын ызы-чуусуна жеңем чыдабай баратты. Аны сезип, квартирага чыгуума туура келди. Бирок агам каралашып турду. Убакыттын өтүшү менен агам бир жигит менен тааныштырды. Ал мага үйлөнөрүн, бирок аялы менен кеңешерин билдирди.

Өткөн окуяларды эстеп, төбөмдөн муздак суу куюлгандай эле болду. Ошондо күйөөм менден уруксат сураганда, бир пенде менин азыркы абалымды башынан өткөргөнүн ошондо гана түшүндүм. Кылган кылыктарым үчүн уялып, Алла Тааладан кечирим сурадым. Түнү менен намаз окуп, келинчегинин уруксат берүүсүн сурандым. Ал жигит эртеси келинчегин ээрчитип келиптир. Үйгө кирген соң аялын калтырып, өзү чыгып кетти. “Не деп айтат?” деп ыңгайсызданып турганымда, ал аял колумдан кысым, макул экендигин билдирди. Ошондо экөөбүз биригип ыйлап алдык.

Ошентип мен өзүм кетирген каталык үчүн өзүмө жооп алдым. Айтайын дегеним, биз аялдар ойлонбой туруп чечим чыгаруудан мурун баардык нерсени таразаласак дээр элем.

@brak__kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер