Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз Таалайбек кызы жеке кызыкчылыгы үчүн жанталашып жатабы?

Жылдыз Таалайбек кызы жеке кызыкчылыгы үчүн жанталашып жатабы?

06-октябрь, 19:55
1 085 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз салыштыруу менен баа бере алабыз да. Мисалы, парламенттин өткөн чакырылышынын отурумунда Элвира Сурабалдиева, Дастан Бекешов сыяктуу санасаң беш манжа жумулбаган активдүү депутаттар бар эле. Алар кандайдыр бир деңгээлде адилеттүүлүктү айтууга, элдин таламын талашууга далалат жасашчу. 

Ал эми Жылдыз Таалайбек кызы коомчулукка анчейин алынбаган, белгисиз депутат катары “тергелет” эмеспи. Жогорку Кеңештен көтөргөн олуттуу маселесин деле эстей албайбыз. Бирок шайлоо жакындаганы жанданды. Нарын, Ак-Талаанын айрым мектептерине интерактивдик доскаларды таратып, анысын пиар кылып, соцтармактарга жайылткан кербези. “Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар” дейт эмеспи, анын сыңарындай, жеке кызыкчылыгы үчүн жанталашып жатабы? Көзүн ирмегилеп алып интервью берип, олуттуу көрүнгөндөй болуп, тасма да тарттырып, айтор, эт-бетинен кетип бараткандай. Башкаларга салыштырмалуу чабагандап, шайлоочуларына укмуштуудай күйүмдүү талапкер катары өзүн сыпаттаганын көргөндө жылмаясың да. Мурда депутат катары чындыкты айтып, элге күйүп-бышпайт беле? Азырынча үгүт иштери деле баштала элек...

Ошентип, президент 30-ноябрга парламенттик шайлоону белгиледи. “Чабал өрдөк мурда учат” дегендей, буга чейин эле Жылдыз Таалайбек кызы талпынып алган. Саресеп салууга алдыда убакыт бар. Эл убактылуу азгырыктарга алданабы, же чыныгы мамлекет үчүн иштеген депутаттарды шайлашабы? Байкап туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер