Догдуркүл Кендирбаева келечек муунга балта чаптыбы?


Билим берүү, илим тармагы жакында оңолобу? Албетте, жүрөктү өйүткөн оор собол. Эмесе, бир олуттуу жагдайга токтололу. Министр Догдуркүл Кендирбаева гимназия, лицейлердин статусун алдырып салып, сын-пикирлерге кабылган. Ал жакта иштеген билимдүү, тажрыйбалуу мугалимдер жеке мектептерге которулуп, же башка иштерге өтүшүп, кейиштүү көрүнүш жаралган эле. Кошумча айлыктары кыскарганычы? Убагында атактуу гимназия, лицейлер орто мектептерге айланышканы билим берүүнүн абалы кескин түрдө начарлап, агартуучулар зар какшашты... Дал ушунун кесепетинен ЖРТдан жогорку балл алуу да түшүп, чет өлкөлүк абройлуу жогорку окуу жайларына өтүүгө шанстар азайдыбы? Канча деген келечек муундарга балта чабылды? Орто жерден жогорку деңгээлдеги мугалимдерди да жоготуп алдык го? Айтор, жүлүнгө жете турган суроолор арбын. Уланталы. Мындай түрүбүз менен келечегибизди кантип агартабыз? Билим берүүнү терең түшүнгөн министрге качан жетебиз? Эртеңибизди кемитип отура беребизби? Убакытты уттуруп жатабыз да! Ал эми 12 жылдык окуу боюнча арбын сындар жазылды, дагы көрө элегибиз көп окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











