Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2020-жылы добуш стып алуунун жаңы ыкмасы пайда болду

2020-жылы добуш стып алуунун жаңы ыкмасы пайда болду

04-сентябрь, 11:01
643 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону утурлай жер-жерлерде добуштарды дүңүнөн сатып алуу аракеттери боюнча маалыматтар көбөйдү.

Айыл өкмөттөрдө бийлик партиясы менен сүйлөшүп, айылдын добушун чогуу бир партияга берүү боюнча сүйлөшүүлөр күчөгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйылкы шайлоодо добуштарды саткан шайлоочулар да, сатып алган саясый партиялар да жазаланарын маалымдаган. Эксперттер ал ишке ашарынан күмөн санап жатышат.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринин тургуну Кайырбектин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, алардын конуш башчысы шайлоодо добуштарды бир эле партияга сатып, көчөгө суу жана канализация киргизип алуу маселесин чечүүнү жашоочуларга сунуш кылган. Кайырбектин сөзүнө караганда, учурда жаңы конуштагы тургундарга ар кайсы саясый партиялардан «силерден бизге добуш, бизден силерге жакшы шарт түзүп берүү» деген сунуштар түшүп жатат.

«Биздин көчөдө канализация жок. Чогулуп киргизип алалы десек, адамдарда акча жок, бири берсе башкасы бере албайт. «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынын өкүлү ортого түшүп, бизге канализация киргизүү маселесин чечип берүүгө убада бериптир. Башчыбыз кечээ чогулушта анын сунушун бизге айтып,  «кандай дейсиңер?» деп сурады. Эмне демек элек, баарыбыз эле макул болдук. Шайлоонун шылтоосу менен жашообуз жеңилдеп калганы жакшы да. Антпесе, элдин биринде акча болсо, биринде жок болуп, жүдөдүк» деп белгилеген ал.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер