Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук идеология качан ишке киришет, Сүйүнбек мырза?

Улуттук идеология качан ишке киришет, Сүйүнбек мырза?

17-январь, 12:25
1 843 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(“Удел тех, у кого нет идеологии – бессмысленное существование” РИК “Россия–24” передача “Бесогон № ТВ” от 3 января 2022 г.)

Урматтуу Сүйүнбек Сапарбекович!

Жогорудагы телекөрсөтүүнү аяктап жатып, Никита Михалков мырза адатынча айткандарын жыйынтыктап, “правда и только правда жизни должна быть ориентиром в осуществлении нашей идеологии” деп акыркы коштошуу эрежесин сактап, “расходимся по одному, если что, то поручик Криворучко примет свои меры...” деп орус элинин илгертеден бери келаткан тамаша-чындык аралаштырып соккон традициясынан жазбай сөзүн аяктады. Мен муну сизге эмне үчүн айтып отурам, ансыз да тар убактыңызды бөлүп? Анткени, руханий дүйнөсү бай кыргыз элинин илимпоз-окумуштуулары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Акаевден баштап улуу урматтуу Жумагул Сааданбеков, Абдылдажан Акматалиев, Советбек Байгазиев ж.б. эл сыйлаган акылман корифейлерине чейин өз ойлорун өткөн 30 жылдын ичинде ар жыл сайын улуттук жана мамлекеттик идеология (!) деген эмне экени тууралуу кенен-кесири айтып да, жазып да келишти. Бирок, эч натыйжасыз...

Акыркы жолу өткөн 29-декабрда өзүңүздүн КР мамлекеттик катчысы катары катышууңузда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов баштаган илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен биргеликте ушул эле темада илимий-практикалык конференция болуп өттү. Анда айтылган ой-пикир, сунуштардын баары туура жана талашсыз. Айтайын дегеним, бир гана нерсе жетпей калды, качан жана кантип иш баштап, реалдуу чындыктын негизинде кыска жана нуска сөз менен так жазылган конструктивдүү концепцияны кабыл алуу вазийпасы...

Бул жерде жаңы эч нерсени ойлоп табуунун эч кандай кажети деле жок, анткени өткөн 2021-жылдын 29-январында КР президенти Садыр Жапаровдун №1 жарлыгы менен “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” мыйзам-концепциясы кабыл алынган. Анда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө конкреттүү тапшырма берилген: “Коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлеринин, баардык кызыкдар тараптардын кеңири катышуусунда 2021-жылдын 1-июнуна чейин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепсиясын иштеп чыксын жана киргизсин” деп.

Андан бери ушул убакка чейин бир жылга жакын убакыт өтүп кетти, бирок расмий кабыл алынган концепция же анын долбоору тууралуу мамлекеттик расмий ММКларда бүгүнкү күнгө чейин эч бир маалымат жок. Эмне себептен? Белгисиз. Бирок, ошол эле убакта, өткөн жылдын 25-ноябрында Россиянын ТАСС агентствосу тарабынан расмий билдирүү жарыяланды: “Посол РФ в КР Николай Удовиченко выразил свое мнение о проекте нового закона “О государственном языке КР”, где он выразил опасение, что принятие законопроекта в нынешнем виде приведет к сокращению сферы применения русского языка и сужению прав русскоязычных граждан в республике. Он призвал власти более внимательно отнестись к этому вопросу” деп. 

Ооба, кыргызча айтканда, “Өзүн өзү сыйлабаган үйдө – коногу тейлейт” болуп... Андан да кызыгы, “мамлекеттик тил боюнча” улуттук комиссиянын иштеп чыккан жаңы долбоору өткөн 28-ноябрда гана Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген депуттаттардын расмий талкуусунан кийин, регламент боюнча кабыл алынышы мүмкүн экенин эске алганда, бул биздин стратегиялык өнөктөшүбүз катары эсептелген мамлекеттин дипломатиялык корпусунун жетекчиси тарабынан коюлган кине, чындыгында, кадимки эле великоросский шовинизмби же, өзүбүздүн эле айтылуу алсыздыгыбызбы? Ооба, ошол алсыздыгыбыздан ошондой шовинисттерге сөз кайтарып, таккесе жооп берүүгө али даяр эмес экендигибиз, айла жок, өзгөчө өкүндүрөт...

Сөзүңүзгө аралжы, Сүйүнбек мырза. Сиз кыргыз тили боюнча тарыхый факт катары В.И.Лениндин Жусуп Абдрахмановго айткан “силер өзүңөрдүн иш кагазыңарды өз эне тилиңерде жазышыңар керек” деген сунушуна кошумча катары, белгилүү орус жазуучусу жана таланттуу актер Василий Шукшиндин “өз эне тилиңде жазылбаган мыйзам эч качан иштебейт” деген да оюн айткым келет. Ал эми биздин шартта, өз эне тилибиз тууралуу мыйзамды өзүбүз коргой албай жатсак, кантип улуттук идеологиябызды калыптандыра алабыз? Же боло береби? Болбосо, карт тарых тастыктагандай, кыргыз элинин акыл-эси (память) канча миң жылдан бери калыптанып келе жатканы тууралуу ушул жерде айтып кетүү абдан зарыл болуп турат. Анткени, ар бир адамдын акыл-эси – анын тили, дили, каада-салты жана рухий адеп-ахлактык (нравалык) дүйнөсүнүн калыптануусунун сыры, албетте, ошол элдин күн кечирген убактысынын кенендигинде жана тереңдигинде экенин өзгөчө белгилейин.

Мисалы, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун акыркы маалыматы боюнча, кытай элинин жазма тарыхында кыргыз эли тууралуу мындан үч миң жыл мурда жазылып калганы бар. Ал эми белгилүү санжыра изилдөөчү Абдижалил Пахридинов мырзанын версиясы боюнча еврей элинин расмий жылнамасынан 52 жыл улуу деп эсептелген Дөрбөң атанын жылнамасы боюнча азыркы күнү биз 5833-жылдын доорун сүрүп жаткан учурубуз. Ошол себептен:

1. 59 кылымдан бери калыптанып келе жаткан кыргыз элинин акыл-эси – анын тили, дили, каада-салты жана руханий адеп-ахлактык дүйнөсү – кыргыз элинин улуттук идеологиясынын эң башкы туу чокусу экенин дагы бир жолу дааналап коюшубуз зарыл. 

Ал көөнөргүс ыйык сапаттар ошол адамды жараткан элдин илгерки ата-бабаларынан бери келаткан жашоо-турмуш философиясы, каада-салты, бийик руханий дүйнөсү жана ыйык мурасы. Алар эч качан бузулбашы керек. Аларды ар бир адам өз көзүнүн карегиндей сактап жашоосу зарыл. Ошондо гана эл өзүн өзү сыйлап, сакталып кала алат. Ооба, биз аны эч качан унутпашыбыз керек, адам катары, инсан катары. Анткени ал – биздин тагдырыбыз. Демек, биздин тагдырыбыз – биздин колубузда.

2. Улуттук идеологиянын эң негизги курамы боло турган экинчи сапат – ал улутмандык, б.а. улуттун кызыкчылыгын өз өмүрүндөй сактай турган патриоттук, каармандык сезим, жеке жоопкерчилик.

3. Жана улуттук идеологиянын үчүнчү эң маанилүү курамы болуп, албетте, заманбап технологиялык жана техникалык прогресстин жетишкендиктерин экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн баардык тармактарында аяр жана кылдаттык менен колдонуу – мамлекетибиздин өнүгүү факторун кадимкидей чыңдап, элибиздин биримдигин сактап калуунун ишенимдүү кепилдиги болору шексиз.

Ошондо гана адам баласынын карт тарыхы тастыктагандай жана Улуу Британия элинин тарыхчы, социолог, философу Арнольд Тойнби мырза айткандай, “адамзаттын бактылуу келечегинин борбору айтылуу Лондон, Париж же Нью-Йоркто эмес. Анын борбору – дүйнөлүк цивилизациялардын өнүгүү жолдорунун кесилишинде – асман тиреген керемет Теңир-Тоонун этегинде жайгашкан руханий дүйнөсү бийик, акыл-эси терең, пейили кенен, генетикалык коду таза жана адилет башкарууну туу туткан элдин арасында гана калыптанышы мүмкүн” деп.

Мен ишенем, сиздин активдүү жетекчилигиңиздин астында жакынкы арада Кыргыз мамлекетинин улуттук идеологиясынын негизги принциптери Кыргыз Республикасынын президентинини №1 жарлыгына ылайык “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” концепциясынын негизинде кабыл алынып, биздин бүгүнкү жана эртеңки жаш муундарыбыз жалпы адамзаттын аруу тилегин иш жүзүнө ашыруу максатында, ашык-кеми жок, аяр акыл-эси жана бийик рухий дүйнөсү менен Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү жана эртеңки жаркын келечегин алдыга алып кете алат деп.

Сизге терең урматым менен,

Карыбай Турусбеков


P.S. РФ КР элчиси Н.Удовиченко мырзага биздин расмий өкүлчүлүктөр тарабынан атайын билдирүү болбогондуктан, мен өзүмдүн гана жарандык милдетимди аткаруу иретинде жооп берип койдум эле. “Азия Ньюс” гезитинин өткөн 2-декабрдагы санын карап көрсөңүз болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер