Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшенбек Абразаков: “Эски жолго түшпөй, жашоону жаңы барактан баштасак”

Бейшенбек Абразаков: “Эски жолго түшпөй, жашоону жаңы барактан баштасак”

18-ноябрь, 23:19
578 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бейшенбек мырза, эмне үчүн Башмыйзамдын жаңы долбоору талкууга чыгар менен негативдүү пикирлер айтылып, эски заманды эңсеген Конституциядай кабылдап жатышат?

-- Жаңы Башмыйзам боюнча ар түрдүү пикирлердин болушу мыйзамдуу көрүнүш. Кыргызстандын демократиясында эч ким пикир айтпай, бир ооздон колдоп, кошомат кылып кетсе, каршы пикир айткандан корксо, ошондон кооптонушубуз керек. Адегенде эле каршы пикирлердин айтылганы жакшы. Талаш-тартыш болуп, анан алымча-кошумчасы киргизилип, элдин суроо-талаптары эске алынып отуруп, анан элге жаккан Башмыйзам кабыл алынышы керек. Ошон үчүн биринчи каршы пикирлерден кооптонбой эле, оңдоп-түзөөгө аракет кылалы. “Эски заманды эңсейт” деп жерибей. 

-- Кыргыз тилине басым кылып жаткан жаңы бийлик неге Башмыйзамды кыргызча эмес, орусча жаздырган?

-- Бийликте отургандардын көбү батышчыл, орусчулдар, сыртта окуган, алардын маданиятын сиңирип алгандар иштешет. Ошондуктан булардын жазган мыйзамдары кыргыз элине иштебейт, кабыл алынбайт, сиңбейт. Көпчүлүк учурда чет мамлекеттердин мыйзамдарын “экспорт” кылат, азыр да ал адаттары кайталанды. Бийликтегилер орусча окуйт, орусча жазат да...

-- Эмнегедир эл арасында Конституциянын жаңы долбоорунан кийин “октябрдагы толкундоолор бийликти бир колго топтоо үчүн болду беле?” деген нааразычылыктар күч ала баштагандай...

-- Албетте, элдик толкундоолор “элди иренжиткен Башмыйзам жазылсын, мурунку үч партиядагы азаматтар башкарсын” деп болгон эмес. Ошондуктан элдин үмүтүн актап, жаңы бийлик жакшы иштесе, бир топтун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылбаса, элдин ишеними сынбаса экен. Таза шайлоо өтүп, таза бийлик, таза коом түзүлсө болбойбу? Кыргызстан эски жолго түшпөй, жашоону жаңы барактан баштаса...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер