Айтматовду дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн кыргыз философу
(Профессор Жамгырбек Бөкөшевдин 70 жылдыгына карата)
Өзүңдөн бир топ жаш жигиттерди мен дайым эле жаш баладай эле сезе берем. Ошолордун бири мен элүү жылга жакындан бери чукул катнашта, байланышта болгон Жамгырбек Бөкөшев. Анын мына 70 жашка чыгып калышы мени таңгалдырып туру. Тагдыр эгемендүүлүк алгандан кийинки Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын, эки палаталуу парламенттин 35 адамдан турган Мыйзам чыгаруу жыйынында илимдин докторлору Р. Ачылова, А.Ибраимов, К.Идинов, илимдин кандидаттары О.Мамаюсупов, О.Мусулманкулов ж.б. болуп чогуу депутат болдук. Кийин Жамгырбек Жалал-Абад университетинин калыптанышына чоң эмгек сиңирди.
Бул жерде мен Жамгырбектин коомдук мамлекеттик ишмердиги эмес, анын кыргыз философиясындагы орду жөнүндө азыраак ой толгоомду ортого салайын. Ага менин моралдык укугум бар. Анткени мен да раматылык Табылды Абдылдаевге үч кандидаттык минимум тапшырган философиянын кандидатымын. Экинчиден, бу Жакенин калеминен чыккан куш тилиндей материалдан баштап, (ырларын жөн эле коёюн) ат көтөргүс эмгектеринин баарын жантыгыман жата калып окуйм. Алардан Жамгырбек өзү айтмакчы философиялык рахат алам. Өзүм түшүнбөгөн, башкалардан жолуктурбаган болумуштар, айтымдарды Жамгырбектен табам.
Бул жагынан алып караганда, Жаке биз окуп-көрүп калган Азис Салиевди, Арон Брудныйларды элестет. Айтмакчы, Арон Абрамович демекчи, ал киши Жамгырбектин кандидаттык да, докторлук да иштерине жетекчилик кылган. Демек, бул жерде анын эмгектери жөнүндө сөз учугун улап жатып, айрымдарын гана атай кетейин, анткени баардыгы оозансам, өтө узарып кетет. Ж.Бөкөшев СССР мезгилинде эле кыргызча “Таанып-билүүнүн табышмактары” деген эмгеги философияга кызыгып жүргөндөрдүн эле эмес, ал кездеги өзүн интеллектуалмын (!) деген адамдардын арасында, айрыкча студенттер чөлкөмүндө чоң кызыгууну туудурган. Ошол кезде Салижан Жигитов “кыргызча жазса болот экен го” деп айтканы эсимде. Кийинчерээк “Философия жана адабият”, “Окуя өтөт, ой калат”, “Салт жана билим”, “Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери”, “Манас” эпосундагы салттуу билимдер” деген ыйманы ысык, окуучулардын сезимин козгогон эмгектерди жазып, кыргыз философиясынын өрүшүн кеңейтти. Ошол эле кезде орус тилинде да омоктуу ойлорун айтып, орус тилдүү КМШ мамлекеттер арасында кеп-сөзгө алынган төмөнкү китептерди жарыкка чыгарды: “Предпосылочное знание”, “Истоки и горизонты познания”, “Любовь к мысли”, “Неизбежность онтологии”, “Мысль и время” ж.б.
Жамгырбек Бөкөшевдин кыргызча стили, албетте, кеп-сөз жок ушунчалык жугумдуу жакшы тил менен жазылгандыктан, бу Жаке тубаса философ экендигине кол коёсуң. Бул жөн эле көтөрө чалып айтылган сөз эмес, акыл токтотуп байкап карасаң, чындыгында эле ошондой.
Ал эми орусча жазганы да Жаке туулгандан эле чылгый орус агаиндердин арасында чоңойгондой ушунчалык жакшы окулат десең. Болбосо биз билебиз да, этектей-этектей жерлерди ар кимден көчүрүп алып, бири менен бири бирикпей, окусаң тил эмес тиш сынган “эмгектерди”. Жамгырбектин орусча жазгандарын окуганда казактын чыгаан философу Агын Касымжановдун лекцияларын элестетем. Ал кишинин окуган лекциясы биздин төкмө акындардыкындай угулар эле мага. Жамгырбектин кыргызчасын го макул дейли, анын төкмөлүк жайы да бар. Ал эми орусчаны да ошондой эле окуганга жеңил, жугумдуулугу өтө таңгалдырат.
Ушул жерден кичине артка чегинүү жасайын, тиги өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары Бөкөшев көзгө көрүнүп, келечеги көптү үмүттөндүргөн “жаш илимпоздордун” катарында жүргөн кезде, илимдер академиясындагы бир конференцияда Жамгырбек “Манас эпосундагы дүйнө модели” деген аталышта доклад жасайт. Залда биринчи катарда кунт коюп угуп отурган Чыке жанындагыларга: “Аа жакшы, бу биздин балдар да өсүп келе жаткан тура...” деп жанындагыларга ыраазы болгондой белгилеген экен. Мына, андан бери кырк жылдай мезгил өтүп, Ж.Сааданбеков “Ч.Айтматовдун философиясы” деген жакшы китеп жазып, анын бетачаары Астанада болот. Ага Жамгырбек да катышып, ал жерде деги эле Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык болумуш жөнүндө доклад жасайт. Ж.Сааданбековдун айтымында, көкүрөктөрү асмандаган казак философтору Жамгырбектин докладын өтө жогору баалашат. Мына Чыңгыз Айтматовдун назарына илинген боз бала эми Чыкенин философиясын дүйнөлүк деңгээлге жеткире көтөрүп, казак философторунун урматтоосуна ээ болууда. Жамгырбектин философиялык эмгектеринин ичинде, албетте, Чыңгыз Айтматов жана “Манас” эпосу өзгөчө орунду ээлейт.
Мен эми атайын токтолоюн деп жаткан маселе кыргыз философия илиминде чоң кубулуш болгон Жакенин калеминен жаралган “Кыргыз философиясы” деген эмгек жөнүндө. Казак туугандар казак философиясын 10дон ашык томдугун даярдап жатышканын билем. Демек, бүтүндөй чоң философтордун тобу даярдай турган “Кыргыз философиясын” Бөкөшевдин өзү даярдап, коомчулукка сунуштап турушу, албетте, ар кандай мактоолорго арзый турган көрүнүш. Бул эмгек жөнүндө Бөкөшев да бир жолу минтип айткан эле: “Чынында бул китебим мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Баш-аягы ондон ашык китеп жаздым. Бирок “Кыргыз философиясы” көзүмө ысык, жүрөгүмө жакын көрүнөт. Бул көп жылдык мээнетимдин акыбети, далай маселени териштирип, ар кыл маалымат жыйнап, нары ойлонуп, бери ойлонуп, сансыз ирет толгонуп жатып жазган чыгармам” деп. Жакенин айтканы чынында туура, биз баардыгыбыз СССРдин тушунда окуп-чокуп дегендей, ал кезде Маркстын философиясы, философия өнүккөн грек, немец, француздарда эле болуп, калган элдерде болгон эмес дегендей идеология өкүм сүргөн. Жаке өзүнүн интеллектуалдык тажрыйбасына таянып, миңдеген жылдык тарыхы бар кыргыздардын да өзүнүн философиясын тастыктап чыкты. Албетте, бул деген уктап тура калып эле “кыргыздарда бар” деп эле жазганга киришкен жок да. Өзү айткандай, ага чейин өзүбүздүн философияны изилдеген адистердин, союздагы анча-мынча башы көрүнгөн казак, грузин, армян философторунун эмгектерин казып окуп, анан айрыкча четтик (айрымдарын эле берейин): Аристотель, И.Кант, Гегель, Ф.Ницше, М.Вольф, Сартр Ж.П., Хайдеггер М. ж.б. ондогон, мүмкүн жүздөгөн дөө-шаалардын философиясын өзүнө сиңирип, анан “Кыргыз философиясына” киришти да, болбосо жөн жерден эле мындай фундаменталдык эмгек жаралбайт. Анүчүн чыныгы кыргыз философу болушу керек. Бизде бу тармак боюнча адистер бар. Алар билим алышат, философия боюнча илим коргошот, китептерди жазышат, студенттерге лекция окушат, аныгында, сөздүн толук маанисинде философия багытындагы жакшы адистер. Ал эми Жамгырбек Бөкөшев сөздүн түз маанисинде нукура философ. Башкача айтканда, “мен көч башындамын” деп айтканга толук акылуу.
Ушул жерден дагы бир нерсени баса көрсөтсөм, Бөкөшевдин “Кыргыз философиясы” деген эмгеги жарыкка чыккандан кийин деле ал китепти колуна алып, философия менен алекеттенип жүргөн бирөө: “Бизде “Кыргыз философиясы” деген феномен барбы же жокпу?” деп бүшүркөшү, албетте, таңгалдырат. Менин оюмча, мындан ары бул теманы автордук чоң коллектив дагы алдыга сүрөйт го деген ишеним бар. Анткени кыргыз философиясын изилдеш, аны жазыш, элге кенен таратыш бир эле Бөкөшевдин вазийпасы эмес да.
Эми бу кыска материалымды аяктап жатып, Жакенин дүйнөлүк айлампада айланып жүргөн (ар түрдүү темада философия, политология ж.б.) түшүнүктөрдү да өзүбүздүн тилге нака кыргыз жыттангандай кылып, бизге таап бергени да кубанарлык көрүнүш. Мен бул жерде алардын айрымдарын эле атай кетейин, мисалы: бейаң – подсознательный, глобализация – жержүздөшүү, болум, бейпилдик, бейкуттук ж.б. ондогон түшүнүктөрдү биз колдонуп жүргөндөн башкачараак мааниде түшүндүрсө, коомчулукка майдай-сүттөй эле жага түшөт.
Кыскасы, Жаке сөзүмдүн башында айткандай, сен мага дале баягыдай эле жаш бала бойдон элесиң. Анүстүнө бу 70 жашты дүйнөлүк белгилүү инсандар, уюмдар акыл-эстин толуп турган чокусу катары баалашат. Өзүң сыйлаган көптөгөн ири окумуштуу, жазуучулар 90го караган кездерде өздөрүнүн шедеврлерин жараткан эмеспи. Сага да эми өзүңдүн “Кыргыз философиясын” тереңдетип, толуктап жаза турган мезгилдин жазы келди. Ак жол!