Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызылдай калпты жазган Лайли Үкүбаевага жооп

Кызылдай калпты жазган Лайли Үкүбаевага жооп

21-сентябрь, 20:54
3 030 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясына анык мүчөлөрдү жана корреспондент-мүчөлөрдү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, ар кандай пикир айткан, өтпөй калган талапкерлердин аягы тыйыла элек. Бул ирет профессор Лайли Үкүбаева өз нааразылыгын интернет сайттарына билдириптир. 

Ал өзүнүн өтпөй калганына КР УИАнын президенти М.С.Жуматаевди күнөөлүү көрсөткөнгө аракет кылып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча анын “Кыргыз Туусу” гезитине берген интервьюсуна таянган. Шайлоодо академик наамына берилген 16 орунга 20 талапкер ат салышып, 14 талапкер өтүп, 6 талапкер “жыдып” калды, корреспондент-мүчө наамына берилген 36 орунга 107 арыз түшүп, 35 талапкер өтүп, 72 талапкер өтпөй калды. Сөз ошол өтпөй калган талапкерлер тууралуу болуп жатат. Профессор Л.Үкүбаева тууралуу ал маекте бир ооз да сөз болгон эмес. Баса, бул адабиятчы эжебизди илимпоз катары сыйлап, баалаган үчүн конкурстун жарыясы чыккандан кийин академик М.С.Жуматаев (техника илимдери боюнча адис экенине карабастан) кабыл алып, эмгектери жөнүндө жылуу пикирин айтып, ийгилик каалаган да. Эми болсо, өтпөй калганына М.С.Жуматаевди күнөөлүү кылганы таңгалдырууда...

Шайлоонун мыйзамга ылайык өткөнүн профессор Л.Үкүбаева келтирип жаткан критерийлер да аныктап турат. Ал коллегиалдуу иштелип, президиумда бектилген. Ошол критерийлердин негизинде эксперттик комиссия талапкерлердин эмгектерин баалаган. Анда профессордун эмгектерине, илимий ишмердүүлүгүнө баа берген. Бирок Л.Үкүбаева эксперттик комиссия “коюлган талаптарга жооп бербегендиги үчүн Ж.Бакашованы шайлоого коё бербеши керек эле” деп доомат коёт. Ж.Бакашованын конкурска катышуусу мыйзамдуу. Себеби, анын деле профессорлук наамы, доктор деген илимий даражасы, Web of Science, РИНЦ тутумундагы мартабалуу илимий журналдарга эмгектери жарыяланган. Эгер талапкерлердин “тагдырын” эксперттик комиссия чече турган болсо, шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле?

Эми окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн шайлоо процедурасы тууралуу ачык баяндап берели. Улуттук илимдер академиясы төрт чоң бөлүмдөн турат. Берилген орундарга ат салышкан талапкерлерди ар бир бөлүм өзү тандайт, башкача айтканда, шайлоону бөлүмдөр өткөрөт. Бөлүмдүн академик, корреспондент-мүчөлөрү – баардыгы өлкөгө белгилүү илимпоздор. Шайлоодо алар жашыруун добуш беришти, бул процесс видеого тартылган. Ар бир академик, корреспондент-мүчө кайсы талапкерге добуш берет – өзү чечим кабыл алат, буга ал толук укуктуу. Алар талапкерлердин кимисин тандайт – өз эрки. Добуш берүүгө эч ким кийлигише албайт. Профессор Л.Үкүбаева ат салышкан “адабият” адистиги боюнча шайлоону академик Абдылдажан (Мелис) Акматалиев жетектеген Коомдук илимдер бөлүмү өткөргөн. Академиктер А.Акматалиев, Т.К.Койчуев, Т.С.Садыков, корреспондент-мүчөлөр Ч.И.Арабаев, М.Т.Артыкбаев, С.Мусаев М.Х.Имазов, Р.З.Кыдырбаева, Ж.Т.Үмөталиева жана башка белгилүү илимпоздор ушул коомдук бөлүмдө ат салышкан талапкерлердин “тагдырын” чечишти. Шайлоонун жыйынтыгында профессор Л.Үкүбаева 3 (үч) добуш алган, анын атаандашы Ж.Бакашова 9 (тогуз) добушка ээ болгон, 2 (эки) бюллетень жараксыз катары табылган. Бул добуш берүүнүн жыйынтыгын тастыктаган бөлүмдүн башчысы, академик Абдылдажан (Мелис) Акматалиевдин колу коюлган протокол факты катары сакталып турат. Башкача айтканда, Л.Үкүбаева оппоненти Ж.Бакашованын чаңында калып, бозала болгонун мойнуна албай атат. Өзүңүздөр күбө болгондой, коомдук бөлүмдөгү шайлоо процессине КР УИАнын президенти М.С.Жуматаевдин эч кандай тийешеси жок, болушу да мүмкүн эмес. Демек, профессор Л.Үкүбаева өзүнүн өтпөй калганы үчүн КР УИАнын президенти М.С.Жуматаевди күнөөлүү деп табышына эч кандай негиз жок, бул чындыкка дал келбейт. 

“Шайлоонун шарты боюнча шайлоонун алдында жана жыйынтыгында шайлоочулар менен шайлануучулар жалпы катышкан чогулуш өтөт. 2010-жылы өткөн шайлоодо ошондой болгон. Бул жолу М.Жуматаев түшүндө эле чогулуш өткөрбөсө, “чогулуш өттү” деп эч ким уккан жок. “Чогулуш болор бекен?” деп талапкерлер мойнубузду созуп ошол жерде күтүп отурбадыкпы, тооба!” деп жазат профессор Л.Үкүбаева. 5-августта саат 10:00дө шайлоонун алдында КР УИАнын мүчөлөрү үчүн чогулуш болгон, шайлоонун экинчи этабынын жыйынтыгы КР УИАнын жалпы чогулушунун протоколу менен бекитилди. Жалпы жыйналыш кечки саат 21:30да бүткөн, демек, профессордун “чогулуш болгон жок” деген сөзү да кызылдай эле калп.

Профессор Лайли Үкүбаева шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, КР УИАга арыз менен кайрылган, арызына расмий түрдө жооп берилген. 


Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер