Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаныш Бакиевдин туулган күнүндөгү жалындуу сөз: “Кийинки юбилей Кыргызстанда өтсүн!”

Жаныш Бакиевдин туулган күнүндөгү жалындуу сөз: “Кийинки юбилей Кыргызстанда өтсүн!”

28-март, 19:30
7 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

16-мартта Жаныбек Салый уулу 65 жылдыгын Казакстандын Кордай районундагы “Туран” кафесинде өткөздү. Бул аймак Чүй облусуна чек аралаш жакын жайгашкан. Тойдун көркүн ачканга Кутман Жолдошов, Гүлзада ж.б. ырчы-чоорчулар жан үрөшүптүр. Кыргызстандан барган сыйлуу коноктор Калдарбек Баймуратов (Өмүрбек Бабановдун жездеси), Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов сыяктуу Жаныш Бакиевдин мурдагы коллегалары, туугандары болушту. ЖМК өкүлдөрүнөн да мамилелеш достору чакырылган...

Эске салсак, Жаныш Бакиев сыртынан оор беренелер менен соттолгон. УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев өткөн президенттик шайлоодо Бакиевдер 60 буюртма өлтүрүүнү уюштурушканын баса белгилеген жайы бар. Маркумдар – саясатчылар, депутаттар, бизнесмендер, спортсмендер жана журналисттер болушкан. Андан сырткары, 7-апрелде 87 баланын өмүрү кыйылганы белгилүү. Бул жоготууларды оңой-олтоң эскере албайбыз. Убагында ар бир каза тапкан мекендешибиздин үйүндө трагедия, муң, боздогон ый жүрөктү канатып турган...

Кыргызстандан ары жарым карыш жердеги Кордайдан Жаныш Бакиевди эмне үчүн кармап келишкен жок? Ал 2010-жылдын 7-апрелинен кийин издөөгө алынган, соттолгон адам. Буга чейин оппозициячыл активисттер Москвадан бери кармалып келип атты го. Кандай дейсиңер? Же Дубайдагы экс-президенттердин жолугушуусунан соң Бакиевдерге “жашыл жарык” күйгүзүлдүбү? Ансыз да жогорку кызматтарда алардын кадрлары отурушат. Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев, өкмөт башчы Акылбек Жапаров, вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев, Нарын облусунун губернатору Алтынбек Эргешов ж.б. Жогорку Кеңеште да тайраңдаган депутаттары арбын. 

Айтмакчы, тойдогу жалындуу сөз: “Кийинки юбилей Кыргызстанда өтсүн!” деп жаңырыптыр. Ооба, ошого баратышат. А коомчулук эмне дейт? Жаныш Бакиев ардакталып турса, кордук көргөн элибизди малча көрбөй калабызбы? Тебелешеби? Жо-ок. Кыргызда “кан коё бербейт” дейт. “Зордун түбү кор” демекчи, бийлигиңен пайдаланып зулумдук кылып, буюртма өлтүрүүлөрдү байма-бай уюштурганыңды кайда жашырасың? Мындай оор күнөөлөрдөн оңой эле кутулуп кете албайсың да. Төбөдө Кудай карап турат. Эгерде мамлекет катары саналсак, катаал мыйзам алдында жооп бересиң. Жараткандын вазыйпасы акыры баарын таразалайт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер