Бабанов өкмөт башчы болсо, бийликтин аброю көтөрүлөбү?

Ушундай. Бийликтин жогорку сересине көз будамайлаган, калп айткандар эле догурунуп чыга келишеби? Карап туруп жандан түңүлөсүң да. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов саясаттагы карьерасын токтотконун, кызматка барбай турганын билдириптир. Сокенин кезинде да баарын жыйыштырып, бизнесине ооп кеткен. Бирок Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Алмазбек Атамбаевге кошулуп, “Форумдан” аянтка түшпөдү беле? Бийликке жетүү үчүн. Эми аны да танып кетеби? Кандайдыр бир олку-солку кырдаал жаралса, Бабанов кайра эле алаңдап чыга калат. Себеби, ал буга чейин саясаттан далай ирет кетип, кайра кайтып келген...
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров ишкерлерди ККМге өткөрүүнүн жолун таба албай, аягы нааразычылык акцияларына жеткизип койгонуна күбө болдук. Өткөн жумада өлкөдөгү баардык ири базарлар нааразычылык акциясына чыгышып, ишкерлер курч реакция жасаганга жетишти. Акыры Садыр Жапаров Дордойго чейин барып, ККМге өтүүнү 1-июлга чейин жылдырды. Көрсө салыкчылар даяр эмес экен. Мына, Акылбек Жапаровдун башкаруусундагы алешемдик, шалаакылык! Бийликтин аброюна сокку урулду.
Албетте, ККМге өтүү керек – бул салык төлөөнүн заманбап ыкмасы. Бирок өкмөт ишкерлерге алдын ала шарт түзүүгө, түшүндүрүү иштери менен тил табышууга бара алган жок. Эрегишүү, күчкө салуунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Акылбек Жапаровдун ашынган амбициясы, алдыны көрө билбегени жарга түрткөндөй эле образды элестеп атат. Ресурстары түгөнүп, элге да жаман көрүнүп калды. Алдай берсе, аягында эч ким ишенбей калат экен да.
Ооба, мындай шартта креативдүү, амалкөй Өмүрбек Бабановдун чырагына май тамып, караңгыга чөмүлө баштаган өкмөттү жарыкка алып чыгууга үмүт жарата баштадыбы? Садыр Жапаров менен мамилесин оңдоп, Камчыбек Ташиевдин досуна айланган Өмүрбек Бабанов башбакан болууга маселеси чечилип калганы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кетти. Кышы менен ККМдин айынан кыйкырышып, ызы-чуу дагы уланса, аягы эмне болмок? Ырас, чекит коюлду. Эми жазга чейин жакырчылык кара тумоодой каптап, кымбатчылык кендирди кесип атса, Акылбек Жапаровду кармап туруунун мааниси деле калбай калат го? Мындайда жоктон бар кылган, кризис-менеджер Бабановдун күнү тууйбу? Бийлик аброюн көтөрүү үчүн акыры алып келет окшойт...
"Азия Ньюс" гезити