Акыркы кабарлар
» Саясат » Нурбек Сыдыгалиев кадр саясатына аралашып, “мурдун тыга” береби?
Нурбек Сыдыгалиев кадр саясатына аралашып, “мурдун тыга” береби?
02-февраль, 17:32

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев акыркы кездерде эл оозуна алына баштады. Албетте, тескери маанай жаратып, талкууга калганы кызык. Бул эргул өзүн “серый кардинал” сезип, бийликтин кадр саясатына ашкере кийлигишип, ар кайсы министрден “устукан” сурап, жердештерин, туугандарын кызматка койдуруу, карьера жасатуу жагынан күчөп баратат го? Кайсы тармак болбосун, “мурдун тыга” бергени жагымсыздык катары айтылууда. Бийлик төбөлдөрү анча байкабай жатышат окшойт, бирок тизгинин тартпаса, бир күнү катуу кагуу жеп, четке сүрүлүп калбайбы? Жогорку жетекчилерге эскертип коймокчубуз. Нурбек Сыдыгалиевдин кылыктарына саресеп салышып, байкоо жүргүзүп коюшса. А болбосо, качанкыга чейин “өз көмөчүнө күл тарта берет”?
"Азия Ньюс" гезити