Свердлов РИИБде кайрадан жаңжал... Начальник А.Байгазиев ИИМди уят кылууда


Былтыр 13 жашар кызды Свердлов РИИБнин участкалык кызматкерлери алмак-салмак зордуктап жүрүшүп, аягында айыптары ачылып, камакка алынышкан. Эл аралык ЖМКларга чейин “дүң” болушкан эле. Албетте, кылмышкерлер милициянын ичинен чыгышканы өкүнүчтүү. Бул боюнча Свердлов РИИБнин начальниги Азамат Байгазиевдин жоопкерчилиги каралган эмес.
Ал эми 2023-жылдын 8-январында аталган райондон белгисиз эргул тарабынан дагы 13 жашар кыз зордукталып, милиция убагында кылмышкерди кармай албай, бир топко чейин резонанс жаратып турган. Кайрадан эле Азамат Байгазиев жетекчи катары чабалдыгын көрсөтүп, сын-пикирге кабылып, шапкесин баса кийгени эсибизде.
Ошентип, катар-катар чуулгандар басылбай жатканда, 13-мартта Свердлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги кол алдындагы кызматкери Адилет Алибековду катуу сабап салган. Убагында зөөкүр жетекчиге мыйзамдуу чара көрүлбөй, “ит жыгылыш” абал өкүм сүргөнүн гезитибизге жазганбыз.
Негизи мыйзамга жат көрүнүштөр аталган мекемеде кайталанып турбаса баштары ооруйбу? 28-август күнү эртең мененки саптык кароодон Свердлов РИИБнин орун басары Адилет Илипбеков тергөөчү Жанара Мусаева менен айтыша кетип, жаңжал чыккан. Имаратка чейин кубалашып-сүрүшүп киришкени маалымдалды. Полковник Адилет Илипбековдун алы Жанара Мусаевага жетип, күч колдонуп, колу-бутун кайрып, кыйла мазактап салганы талкууга алынууда. Бул боюнча арыз жазылып, электрондук каттоо китепчесине түшкөн. Учурда териштирүү иштери жүрүп атыптыр. Баш чайкайсың да...
Эң кызыгы, өткөн жумада Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев Свердлов РИИБге барып, текшерүү ишин жасап кеткен. Үч күн өтпөй өздүк курамда чатак чыгып отурат. Эмне үчүн? Бишкек шаарынын башкы милициясы А.Токтоналиевди эч ким тоготпосо, ушундай былык-чылыктар улана берет да. “Кызыл шапкечендер” элге үлгү көрсөтө албай “ичтен ирип” атса, анан кайдагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү айтабыз?
Эми ток этерине келели, А.Байгазиев Свердлов РИИБнин начальнигине дайындалгандан бери коллективин башкара албай, айыбы ачылып, милицияны уят кылууда. Коомдук коопсуздук абалды тескеп, тартипти камсыздоону мындай кой, ички атмосфераны оңдой албай, оргу-баргы жүзүн көрсөтүп келатат. Тар чөйрөдө “таластыкмын” деп тайраңдап, кол тийбестикке ээ болгону кандай? Тажрыйбасы жетпей, иштей албай атса да, эмне үчүн бул эргулга өзгөчө артыкчылыктар каралган? Дал ушул Азамат Байгазиевдин айынан ИИМге сөз тийүүдө. Жогорку жетекчилик шалаакы кадрга чара көрөбү? Эмесе, байкоо сала туралы.
"Азия Ньюс" гезити











