Акыркы кабарлар
» Экономика » Бекташ Шамшиев, журналист: “Капитал мээнеткечти, иштемчил өлкөнү, күжүрмөн калкты жакшы көрөт”
Бекташ Шамшиев, журналист: “Капитал мээнеткечти, иштемчил өлкөнү, күжүрмөн калкты жакшы көрөт”
20-апрель, 23:06
2 102 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Экономикалык абалыбыз кошуна өлкөлөрдөн кыйла артта калып, саздан чыга албай жатканыбыздын себеби эмнеде?
-- Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдүн, атап айтканда, Өзбекстан менен Казакстандын ыкчам экономикалык өнүгүү жолуна түшүшүнө алардын опсуз чоң табигый байлыгы, казактарда карамай менен газдын, өзбек туугандарда газ менен алтындын ири запастары бир топ өбөлгө түздү. Аны менен эле тим болбой, иштемчил коңшуларыбыз ири, орто жана чакан бизнестин өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушту. Сырттан арбын инвестиция тартууга жетишти, өнөр жай объектилерин жайнатып ачышты. Казакстанга, Өзбекстанга чет элдик ири компаниялардын бир тобу кирип, олчойгон инвестиция салышты. Мунун баары реалдуу экономиканын ыкчам өнүгүшүнө алып келди. Эмнеликтен Кыргызстан андай жолго түшө албай жатканынын кыйла себептери бар. Биринчиден, республиканын чакандыгы, ички рыноктун мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгү. Буга кошумча, бизде күч менен бийлик алмашылгандан кийин эки тизгин бир чылбырга ээлик кылган кландар козголушуп, башкалардын мүлктөрүн тартып алышы, буга криминалдык топтордун кийлигишүүсү (Камчы Көлбаевге тийиштүү мүлктөрдүн эсебин карап көрүңүз) экономикалык өнүгүүгө чоң тоскоолдук жаратууда. Атамекендик бизнестин кенен жайылышына жол ачылбай жатат, анын натыйжасы кандай болгонуна баарыбыз күбөбүз. Жаныбыздагы биздей эле коңшулардын экономикалык жетишкендигине сугубузду артып отурабыз. Кандайынан келгенде да, постсоветтик Борборазиялык республикалар ичинен эки экономикалык лөктүн чыгышы жакшы, бул биздин улуттук сезимибизди козгоп, арыбызга келтирип, атаандаштыкты ойготушу керек. Капитал мээнеткечтикти, иштемчил өлкөнү, күжүрмөн калкты жакшы көрөт.
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити