Талант Мамытовдун спикерликке шайланары чечилип калыптыр. Бирок...
Жогорку Кеңештин төрагасы ким болору президенттик аппараттан чечилип калганы каңкууланды. Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, Талант Мамытовго оомат ооп, буйруктун таризинде шайланары шай келип калгандай. Кызыгы, парламенттеги айрым топтор оюн кылышып, башка талапкерди көтөрүү үчүн далбастап жатышканы жашыруун эмес. Баса, Талант Мамытовду ЖМКлар жазгандай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди оор учурда “сатып кеткени”, ошон үчүн урмат-сыйга татыбай жатканы кызуу талкууга алынууда. Бир чети таңгаласың, спикерлик орун эки достун ажырымына шек келтирип атса, Талант мырза жанталашпай эле өз ордун билип отурса болбойт беле? Албетте, ушундай суроо жаралууда. 90 депутаттын ичинде татыктуулар арбын эмеспи. Кудай буюрганы төргө өтмөк. Бирок, “токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” дегендей, таасирдүү эге кимди колдосо, бакыт кушу ошого конору калетсиз. Балким, акыркы учурда Талант Мамытов оюндан чыгабы? Ким билет? Азырынча төрагалыкка мелженип турган так ушул талапкер...
"Азия Ньюс" гезити