Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Maнастан колуңарды тарткыла, маскарапоздор!

Maнастан колуңарды тарткыла, маскарапоздор!

17-август, 23:52
865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элибиздин ниети, apyy тилеги!)

Ооба, бүгүнкү күнү мен кыргызмын!” деген акыл-эси ордунда жана абийири таза ар бир жараныбыздын кайда барып, кимге эмне деп айтарын билбей, айласы кетип, жүрөгү сыздап отурганы, атаганат, ачуу чындык!

Себеби, ошол борбор шаарыбыздын Ала-Too аянтында Калмыкиянын (РФ) Элиста шаарынын борбор аянтында жайгашкан атчан калмак жоокеринин эстелигинин кадимки копиясы орнотулуп калганы... Бир гана айырмасы – “кыргыз-калмак” жоокеринин оң ийнине учуп бараткан кулаалыны жабыштырып коюшканы... Анткени, тиги, Манастын “Кулаалы таптап куш кылдым” деген сөзүнө иллюстрация катары болуш керек. Ал эми “Курама жыйып журт кылдым” деген сөзүнүн далили кайда? Журт башында турган адам, менимче, убагында Евразия континентин монголдордун журту кылган Чыңгызхан мырза азыркы күнү Улан-Батордун борбордук аянтындагы бийик дөбөчөдө кep кашка тулпарын минип, Кудай сүйгөн улуу элине салабаттуу көз салып, сыймыктануу менен күн кечирип келет. Ал эми бул жерде кыргыздан куулуп, алды-артына карабай качып бараткан калмак жоокер калдастап, кайсы журтун издеп жүрөт? Ким буга жооп берет?

Албетте, бул нравалык фарс Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элибиздин ыйык символу болгон айкөл Манас атабыздын арбагын кордогон идеологиялык диверсия экени шексиз! Мындай чыккынчылык кайсы калмак хандуу мамчиновниктин колунан келди? Ким буга жооп берет?

Менимче, мындай шартта, өлкөбүз өзүнүн өзгөчө өнүгүү жолунда прогрессивдүү адамзаттын купулуна толуп, айкөл Манас атабыздын улуу осуяттарын ишке ашыруу максатында Кыргыз элинин адилеттүүлүктү, теңдикти жана кайрымдуулукту туу туткан жашоо-турмуш принциптерин ишке ашырып жатканда, албетте, баардык эле бака баштуу мамчиновниктерге жага бербеши да мүмкүн. Бул объективдуу фактор.

Анткени кыргыз элибиздин жаңы тарыхында мындай идеологиялык диверсиялар буга чейин деле өнүгүп, мындан ары да боло бериши мүмкүн. Мисалы, мурдагы бийликтегилер борборубуздун Ала-Too аянтына жер шарын минип алып, боз үйдүн түндүгүн көтөргөн аялдын образын орнотуп алганы баарыбызга белгилүү.

Бул окуя тууралуу өзгөчө комментарий берип кетүү да зарыл болуп турат. Анткени кыргыз элинин салтында боз үйдүн түндүгүн эч качан аял кишиге көтөртүшкөн эмес. Бир гана шарт: бир да эркеги калбай кырылган кырдаалда гана айласыз аял киши түндүк көтөрүп, үй тигилиши мүмкүн. Ошондуктан, илгери кыргыздардан жеңилип, чабылып бараткан калмактар “ылайым, түндүгүңдү катының көтөрүп калсын...” деп каргап-шилеп тиленишкени тууралуу элибизде уламыш кеп бар экенин айткым келет.

Экинчи жолу ушундай эле диверсия канкор” деп аталган экинчи президенттин тушунда да болуп өткөн. Тактап айтсак, мамлекеттик бийликтин демилгеси менен “борбордук аянтты реконструкциялоо иши” деген чакырык менен "Манас” эпосундагы терс каармандардын эстеликтерин борбордук аянтка тургузуп, “доско күлкү, душманга таба” кылган "калмакчылардын” ачык эле диверсиясы тууралуу "Ачык саясат” (16-19.06.2009), "Эл сөзү" (07.07.2009) гезиттери ж.б. ММКлар жазып чыгышканы белгилүү.

Аларда “Бакиев менен Тулеев аянтка өз образдарын Нескара менен Жолой аркылуу беришип, бүткүл кыргыз элинин намысына тийген маскарапоздук экенин шардана кылышты. Деги булар кыргызбы же өз тарыхын билбеген наадан маңкурттарбы?”, “Ала-Too аянтына кыргыз душмандарынын айкелдерин койгон адамдар жоопко тартылышсын!”, “Кыргыз элинин убалына калган чыккынчы, наадан, маңкурттарды Манас атабыздын арбагы урсун!” деген ой-пикир ж.б. сунуштар жарыяланган.

Ал эми азыркы учурдагы идеологиялык кризистин күтүүсүз пайда болушуна кайрылсак, “жылан чакпай, жылкы теппей” дегендей, бул кырсыктын кайдан жана кантип жаралганы, албетте, жалпы коомчулуктун, анын ичинде биринчи кезекте чыгармачыл интеллигенциянын жана мамлекеттик маданий жана идеологиялык кызматкерлеринин арасында кызуу талкуу жаратканы талашсыз факт.

Эми эмне демекчибиз? Кыргызда “битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба” деген накыл сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, жетиле элек чыгармачыл жаш муундардын, т.а., таланты такшала элек жаш скульптор Тамила Маматованын демилгесин колдоого алган "башкы спонсор” ким экени азырынча белгисиз. Кандай болгон күндө да алардын административдик, финансылык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү экени ачык эле көрүнүп турат. Демек, кеп төркүнү алардын моралдык жана нравалык сапаттарынын өзгөчөлүгүндө экени шексиз. Убагында Бишкек шаарынын мэри Нариман Тулеев мырзанын кабак-кашым дебей “Манас эпосу жомок. Биз жомок каармандарынын эстеликтерин аянтка тургуздук. Андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт” деген cөзү эле кеп нерсени айтып турат. Албетте, “ай лав ю” деп гана коёлу.

Ошондуктан, менин оюмча, мындай шартта бекер баш оорутуп, бирөөнө жаман, экинчисине жакшы көрүнүүдөн алыс болуп, Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элибиздин “сабырдын түбү сары алтын” деген накыл сөзүн эске алып, бир аз сабырдуулук кылып күтө туралы. Балким башыөзү бар жетекчилер ашынган авантюрист “диверсанттарды” тартипке чакырып, бир чарасын көрүшөр... Ал убакыттын ичинде биз дагы бекер жатпай айкөл Манас атабыздын арбагына кайрылып, “арбагыңыздан айланайын Манас ата, билип-билбей пендечилик кылып, сиздин зоболоңузга сөз тийгизсек, кечириңиз бизди!” дейли.

Экинчиден, сырдуу дүйнөнү жараткан Теңир Ата менен Умай эненин “Манас” деп оозанып төрөлгөн балдары Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Арстанбек, Жеңижок, Тоголок Молдо аталарыбыздын арбактарынан кечирим cypaп туралы...

Үчүнчүдөн, бүткүл дүйнө айкөл Манас атабыздын эрдигин даңазалаган, XX-XXI кылымдардын гуманист-агартуучусу, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов агабыздын арбагынан кечирим сурашыбыз зарыл. Анткени, ал агабыздын айкели азыркы убакта ошол эле аянтта Манасынан айрылып, жалдыраган бойдон жалгыз калды...

Айланайын калайык-калк! Дагы бир көөнөргүс ишти эсиңиздерге сала кетейин. Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын  жана эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык юбилейине карата 2011-жылдын 31-август күнү эртең менен эрте борбордук аянтта айкөл Манас атабыздын айкелин салтанаттуу ачуу аземи болуп жаткандагы сырдуу окуяны...

Ошондо монументтин жабуусун түшүрүү аземи өтүп жатканда жабуунун бир чети Манас атабыздын кылычынын (Ак келтесинин) учуна илинип калып, түшпөй жатканда кайдан-жайдан экени белгисиз, кадимки жапайы тоо куштарынын бир үйүрү учуп келишип, Манас атабыздын үстүнөн эки-үч ирет айланып учушуп, кылычка илинип калган жабууну канаттары менен кагып түшүрүшкөндөн кийин дагы бир-эки ирет айкөлдүн айкелин айланышып, бийик асманга көтөрүлүштү да, күн чыгышка карай бурулушкан боюнча көздөн кайым болушту...

Бул керемети күч табышмактуу окуяга ошол күнү борбордук аянтка келишкен миң сандаган жарандарыбыз жана чет элдик конокторубуз дагы күбө болушканы чындык.

Ал окуялар тууралуу жергиликтүү ММКларда (“Асман”, “Айат”, “Ачык саясат” ж.б. гезиттери) “Айкөлдүн айкели элине кут алып келет” деген темада биринен бири талашып жазып чыгышканы да эсибизде...

Менимче, азыркы эл ичиндеги арсарлыктан, кайдыгерликтен жана дилетантизмден арылыш үчүн ошол айкөл Манас атабыздын айкели өз ордуна келсе туура болор беле (?) деген ойдомун. Ошондо гана айкелдин астында жазылган “Курама жыйып журт кылдым” деген сөзү да ордуна келер эле...

Сөзүмдүн аягында айтарым, кылымдар бою кыргыз элибиздин сыймыгы болуп келген Манас атабыздын эрдигин, анын бийик адамгерчилик сапатын, айкөлдүк мүнөзүн даңазалаган дастаныбызды ооздон оозго улап айтып келаткан жаштарыбыз бар экенин, ошондой жаштарыбыздын бири  Манасты туу туткан, Бакай, Манас, Саякбай аталарыбыздан аян алып, Mанас айтып калган Дөөлөтбек Сыдыков мырза тууралуу болмокчу. 

Мындан он-он беш жыл мурда белгилүү журналист Мелис Совет уулу жаш манасчы Дөөлөтбекке cypoo салыптыр: “Биздин кай бир окумуштуу, тарыхчы, дастанчы коллегаларыбыз Манасты жөн эле жомок, оозеки чыгарма дешет экен. Буга кандай дейсиз?” дегенде Дөөлөтбек: “Манас... Манас болбосо кантип бизге аян берет эле? Манаста кыргыз-кытай жер-сууларынын аттары, элдердин, уруулардын аталыштары айтылат. Алар ойдон чыгарылган жок да. Манас  бул ыйык, керемет жана чексиз аалам!” деп жооп бериптир.

Демек, кыргыз, Манас, Чыңгыз жана азыркы таланттуу жаштарыбыз биз үчүн түбөлүк жана сыймык. Ошого татыктуу бололу, айланайындар!


Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элиме терең урматым менен,

Карыбай Турусбеков  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер