Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Патрулдук милициянын айынан эки бала жан берсе, эч ким жооп бербейби?

Патрулдук милициянын айынан эки бала жан берсе, эч ким жооп бербейби?

17-январь, 21:06
1 790 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өздүк булактарыбыздын билдиргенине караганда, жаңырган жылдын башында кейиштүү окуя орун алган. Бишкек шаары, 2-январь, түнкү саат 03.00 чамасында патрулдук милиция “Хонда торнео” маркасындагы автоунааны кубалып келип, “Дордой Плазага” кабыштырып салып, натыйжада, гүлгүндөй болгон эки жаш баланын каза болгону кабарланды. Бул маалыматты Бишкек ШИИБнин басма сөз жетекчиси Улан Жумаков эмнеге жашырып, коомчулукка жарыялаган жок? Патрулдук милициянын кызматкерлери Ленин РИИБсине караштуу экени айтылууда. Жаш балдардын өлүмүнө себепкер болушуп, жоопкерчиликтен кутулуп кетиштиби? Ал эми Бишкек шаардык патрулдук милициянын жетекчиси Алмаз Исаков кыңыр ишти жаап-жашырып, билмексен адатына салганыбы? Суроолор көп. Сыягы, суудан кургак чыга беришсе, милицияга ишеним кайдан жаралмак эле?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер