Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2023-жылдан тарта баары кыргызча сүйлөйбү?

2023-жылдан тарта баары кыргызча сүйлөйбү?

19-декабрь, 16:19
571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2023-жылдан тарта орус, өзбек жана тажик тилдүү ар бир мектептин бүтүрүүчүсү кыргыз тилинде эркин сүйлөп чыгышы керек. Бул үчүн мугалимдерди окутуу иштери башталганын билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн республиканын баардык аймактарындагы мектептердин 870 мугалими жогорку класстарда тилди окутуунун коммуникативдик методикасынын негиздерин өздөштүрүп жатат.

“Орто билимди башка тилде берген мектептин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүүсү керек. Демек, окуучу кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, окуп, оюн кеңири түшүндүрүп, кыскача кат жаза алат дегенди билдирет” деп айтылат билдирүүдө. Мындан сырткары, мугалимдер окуучуларды илимий тексттерди угууга жана түшүнүүгө, маалымат издөөгө, илимий стилде жазууну үйрөнүүгө, сабактарда презентацияларды жасоого үйрөтүшү зарыл. 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер