Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Имамидин Ташов алдамчы, мындай жүүнү бош “куурчак” төңкөрүш жасай албайт

Имамидин Ташов алдамчы, мындай жүүнү бош “куурчак” төңкөрүш жасай албайт

24-январь, 09:00
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Негизи Имамидин Ташовго карата УКМКнын териштирүү иш-аракеттери туура эле. Ал буга чейин курган ар бир үйүндө көйгөй жаратып, мыйзамга, жашоо эрежеге ылайык тийешелүү оңдоп-түзөө иштерин аягына чыкчу эмес. Бүтүргөн объекттеринин документтери да убагында жасалбай, тургундардын кыйналып келишкени маалым. Ошонун айынан коммуналдык төлөмдөр жогорку баада, өндүрүш багытында бааланчу. “Айта берсе арман көп” дегендей, Имамидин кардарларын дайыма нааразы кылып, чала-чарпыт иши менен таанылган. “Азия Ньюс” гезити “Kg групп” компаниясынын алешемдиктери боюнча төрт-беш жыл мурда эле жазып, Ташов элдин убалына калып атканын бир канча ирет коңгуроо катары каккан. Натыйжада, кеч болсо да бийлик козголуп, жазага тартууга киришкени туура. Ишкерликтин терисин жамынган алдамчыга мыйзамга ылайык териштирүү жүргүзө беришсин. Аныгында, Имамидин Ташов эч убакта саясатчы боло албайт, анын эрки, жөндөмү жетишсиз. “Куурчак” сыңарындай гана баалай алабыз. Төңкөрүштү мындай жүүнү бош адам жасай албайт... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер