Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рустам ЮСУПОВ, республикалык жаштар союзунун төрагасы: “28 жылдан бери жер үстүндөгү байлыктарыбызды талкалап, эми жер астына кириштик”

Рустам ЮСУПОВ, республикалык жаштар союзунун төрагасы: “28 жылдан бери жер үстүндөгү байлыктарыбызды талкалап, эми жер астына кириштик”

14-октябрь, 10:20
389 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Беш тилде эркин сүйлөгөн, коомдогу курч көйгөйлөрдү көтөрүп, бийликке кайрылып, жаштар үчүн күйүп-бышкан республикалык жаштар союзунун төрагасы Рустам ЮСУПОВ менен маектештик. 

-- Азыркы бийлик менен элдин ортосундагы байланыш кандайБийликтин аракети канааттандырабы?

-- Чынын айтсам, азыркы учурда эл менен бийликтин карым-катнашы жок. Эл өз көйгөйү менен өзү калды. Бийлик болсо өздөрүн жакшы көрсөткүлөрү келип, пиар иштери менен эле алек. Эл менен тыгыз байланыш жок. Эл өкүлдөрү, депутаттар жер-жерлерге барганда сүрөткө түшүп, соцтармактарга чыгаруу гана алардын жумуштары болуп калды. Иш жүзүндө чындап күйүү, көйгөйдү тереңинен түшүнгөн эч кандай байланыш жок. 

-- Кен байлыктарыбыздын баарын чет элдиктер иштетип жатат, бирок алган пайызыбыз өтө аз...

-- Ооба, жыйырма  сегиз жылдан бери жер үстүндөгү баалуулуктарыбызды талкалап бүтүрүп, эми жер астын казып, талатып жиберүүгө кириштик. Келечек муунга калтырган “жарк” эткен эч нерсебиз жок. Кен байлыктарбызга тийбей эле экономикабызды көтөрсөк болот. Анткени Кыргызстан Орто Азиянын жүрөгү болгондуктан, бизде мүмкүнчүлүктөр аябай көп, кен байлыктан ар бир жаранга дивиденд түшүшү керек. Бул элдин байлыгы да. Бирок, учурда ал кен байлыктар ченелүү бир адамдардын жеке чөнтөгүнө кетип жатат. Бизге түшүп жаткан пайыздарды карасак, кээ бир жерде пайыздарыбыз таптакыр жок болуп, айрым жерде болгону 10%, 5% алабыз. Демек бул – чет өлкөлүктөр биздин байлыкты ташып жатканынын белгиси. Биз уруксат бербеген жерлерде КамАЗдар, вагондор топурактарыбызды ташый башташты. Бул нерсеге бөгөт коюшубуз керек. Жерибиз аябай бай. Бир эле топурактан көптөгөн элементтер чыгып жатат. Биздин топуракта Менделеевдин 40-50гө жакын элементтери бар. Кен байлыктан (ар бир граммынан болсо дагы) элибизге дивиденд түшүшү керек. Азыр башка өлкөлөр ташып кетип жатат.

-- Саясаттагы оппозициялык күчтөр курч пикир билдириши керек эле. Деги ошондой оппозиция бизде барбы?

-- Бүгүн бизде оппозиция жок десек болот. Оппозиция деген бул так позициясы бар бир топ болуп эсептелет. Биздикилер альтернатива сунуштабай, өнүгүүнүн пландарын сунуштабай, жалаң гана орун талашуу, бирин-бири каралоо, мактоо менен эле алек болуп калышты. Бийликке оппозиция эл болуп калды. Бирок, элди бириктирген күч жок. Ар бир адам оппозиция катары бийликке пикирлерин айтып жатышат. Өкмөткө, депутаттарга айтылып жаткан сын пикирлер курч. Алар эл менен эсептешпесе, акыры бир коркунучка барып такалат. 

Мен жаштар менен көп жылдан бери иштешип келем. Бүгүнкү күнгө чейин жаштардын өнүгүшү үчүн 42 млн. сомдой инвестиция тарттык. Өкмөт тарабынан ашып кетсе 7 млн. сом инвестиция тартылды. Азыр “Жаш муун” деген саясый партия түзүп, мурда коррупцияга аралашпаган жаштардын башын чогултуп, эмки шайлоого таза адамдарды алып чыгуу боюнча максаттарым бар. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер