Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мадумаров биригүүгө кызыкдар. Жапаровдун митингине баш байлашабы?

Мадумаров биригүүгө кызыкдар. Жапаровдун митингине баш байлашабы?

15-февраль, 21:58
960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликке каршы баардык саясый күчтөрдүн биригүүсүнө кызыкдар болуп, бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканы каңкууланды. “Бириндесек бийликке алыбыз жетпейт, бириксек жеңебиз” деген идеянын негизинде баш байлап, оппозиция жээги бир муштумга түйүлөбү? 

Кыялы чорт, көшөрүп эле өзүнүкүн бербеген, бирөөнүн кемчилигине мыскылдай күлгөн Мадумаров кантип биригүүгө барат болду экен? Мисалы, кимдер менен? Учурда барандуу саясатчылардан Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев ж.б. коңулда жаткан “түлкүлөр” Акүйдүн иш-аракетине ичтери чыкпай келишет. Баарынын саясый амбициялары, кызыкчылыктары бар. Бийликке каршы чыгууда бир идеологияны карманары калетсиз, а “устукан” бөлүшө келгенде уруша кетишери ажеп эмес. 

Эмнеси болсо да, жазгы сезондо оппозиция лидерлери бийликке чабуул жасашары, упай топтошору күтүлүүдө. 2-мартта өтө турган Садыр Жапаровду колдоо митингине басым жасашып, баардык ызырынган тараптардын кошулушары алдыртан айтылууда. Кен байлыктарын иштетүүгө каршы чыккандар, атбашылыктар, койташтыктар, жер трансформациясы боюнча нааразы топтор да баш көтөргөн жатышабы? Сыягы, эл көп келсе, катуу ультиматумдар айтылары шексиз... “Толкундун күчү” кыйла болору болжонууда...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер