Акыркы кабарлар
» Саясат » Аскар Акаевдин уулу жүрөк оорусунан, иниси кант диабетинен улам каза болушту
Аскар Акаевдин уулу жүрөк оорусунан, иниси кант диабетинен улам каза болушту
06-февраль, 12:38

Жеке булактардын маалыматына таянсак, туңгуч президентибиздин уулу Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумду. Анын жүрөгү кармап калган. Соңку убактарда арыктап, сыркоолоп жүргөнү да кабарланды.
“Москвада эле жерге беришет окшойт” деп билдирди Акаевдин жакын адамдарынын бири.
Ошол эле күнү Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубан Акаев кант диабети дартынан улам каза таап, Кеминде жерге берилгени да маалым болду.
Эске салсак, Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.
