Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекташ Шамшиев, журналист: “Россияда бийлик алмашып, согуштук кылмыштары үчүн жооп беришет...”

Бекташ Шамшиев, журналист: “Россияда бийлик алмашып, согуштук кылмыштары үчүн жооп беришет...”

29-август, 09:00
375 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Украин-орус согушу дагы канчага уланчудай? Путиндин бийлигине, өкүмзордугуна нааразылар арбып барат. Согуш аяктаар күндү күткөндөр арбын. Сиздин оюңуз, божомолуңуз кандай?

-- Украин-орус урушу быйылбы же кийинки жылыбы, акыры бүтөт. Ага чейин эки тараптан опсуз жоготуулар, кыйроолор болору, катаал согуштун азабын эки тууган эл аябай тартышары бышык. Европа континентинде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мынчалык катаал уруш болбой, континент мындан ары тынчтыкта жашайт деген ишеним күчтүү эле, баарын бир өкүмдар канабайрам кылып, миллиондогон жөнжай адамдар качкын болуп жер которуп, жүз миңдеген адамдар курман болушуп, жаатташкан тараптар ымалага келишпей, уруш уланууда. Мурдагы советтик республика болгону менен Украина демократиялык баалуулуктарды баарынан жогору коюп, ал үчүн күрөшүп, европалык жолойго түшүүнүн азап-тозогуна кайыл болуп, Мекени үчүн жан аябай урушууда. Россия өкүмдары чейрек кылымга жакындап калган бийлигин кандай да болсо узартып алыш, Крымга кошуп Украинанын төрт облусун басып алыш үчүн жакын коңшусуна согуш ачып, анысын “атайын аскердик операция” атап, “согуш” дегендин баарын камап, айыпка жыгып, баскынчылык аракетин токтотпой келатат. Анын бийлигинин жакын арада кулашын, согуштан тажаган калк Кремлде отургандарды кууп түшүп, жаңы башкаруучуну коюп алат деп болжош деле кыйын. Путиндин бийлигин жактырган, анын жасаган-эткенин мактагандар жалгыз Россияда эле эмес башка жерде деле толтура окшойт. Фашисттик пропаганданын ошондой балакети болот экен, андай азгырыкка Москванын телекөрсөтүүсүнөн көзүн албагандардын көбүнүн берилип кеткенин көрүп атабыз. Өкүмзор бийликтин вертикалы өтө морт, борпоң болорун Путиндин ашпозчусу делген Пригожиндин нааразылык жүрүшү жаамы дүйнөгө көрсөтүп койду го? Демократиялык дүйнөнүн колдоосуна ээ болгон Украина жеринен баскынчыларды кууп чыгып, анын натыйжасында Россияда бийлик алмашып, баскынчы өлкө согуштук кылмыштары үчүн жооп берчү күн деле көп күттүрбөй келет го деп ойлойм.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер