Турмушта бактысыз экенимди кеч түшүндүм


Мен 36 жаштамын. Беш балам бар. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда мурдагы жылуулук калбады. Ал мага жөн эле үйдүн малайындай мамиле кылат. Сөзүндө да, көз карашында да жылуулук жок. Иштеп кетейин дейм, бирок бешинчи кызым али бир жашта. Күндө ойлоном, сүйбөгөн адамды сүйдүм, ошого канча убактымды, жүрөгүмдү бердим, эмне үчүн мунун баарын көрдүм? «Бул сени баалабайт, сени бактылуу кылбайт» деп ата-энем көп эскертишкен. Бирок менин сезимим өчпөдү. Мен сүйдүм, бирок ошол сезимим мага бакыт эмес, көз жаш гана алып келди. Канча жолу кордоду, канча жолу кол көтөрдү?! Бир да ирет жылуу сөз уккан жокмун. Төрөгөндө да сүйүнгөн жок.
Мен жашоомдо көп ыйладым. Кайгы, жалгыздык, таянарга эч кимим жоктой сезимдер... Ошентип жүрүп жандүйнөмдө канчалык бактысыз экенимди эми түшүндүм. Эми ыйлагым келет, өзүм үчүн эмес, беш балам үчүн. Алардын келечеги ойлондурат. Мен эмне кылам? Кайсы жолду тандайм? Беш балам менен кантип жашайм?
Нурзат











