Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Игорь Шестаков: «Сариев шайлоого катышпай калса, саясый айдыңдан биротоло четтейт»

Игорь Шестаков: «Сариев шайлоого катышпай калса, саясый айдыңдан биротоло четтейт»

14-август, 19:34
908 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темир Сариев эмнеден улам Ата Мекендин курамынан чыгып кетти деп ойлойсуз?

-- Менин пикиримде, Темир Сариев бул альянстан каржы маселесинен улам кеткен. Парламенттик шайлоого катышууга көп каражат керек, бирок, бир партия башка саясый топтун Жогорку Кеңешке келиши үчүн акча коротпойт. Негизинен Жанар Акаевдин, Өмүрбек Текебаевдин, Темир Сариевдин электораттары ар башка көз карашта экенин айтуу кыйын. Бирок, үчөөнүн «мен лидер болом» деген  амбициялары да ажырашуунун себеби болушу толук ыктымал. Текебаев менен Сариевдин дымактары күчтүү болгондуктан, бири-бирине жол бошотмок эмес. Бул суроо акыры келип чыкмак. 

-- “Ак Шумкар эми кайсы саясый топко кошулушу мүмкүн же шайлоого барбайбы?

-- Темир Сариев азыркы шайлоого катышпай калса, саясый айдыңдан биротоло четтей турганын жакшы түшүнүп турат. Андыктан, ал сөзсүз парламентке аттанат. Өзүнүн Ак Шумкары менен барбайт, себеби, бир катар шайлоолордо утулуп,  райондун деңгээлиндеги партияга айланып калган. Мекеним Кыргызстан менен Биримдикке Сариев кызык эмес деп ойлойм. Ал эми Кыргызстандын лидери Канатбек Исаев менен анын ортосунда 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин пикир келишпестик орун алган. Мамиле калыбына келген эмес, ошондой болсо да, кырдаалга жараша саясатчылар табышып алышы ыктымал.  

-- “Бүтүн Кыргызстан партиясына чогулуп жаткан саясатчылардын мүмкүнчүлүктөрү канчалык? 

-- “Бүтүн Кыргызстандын шайлоодо мүмкүнчүлүктөрү чоң деп айтуу кыйын. Бирок, кезектеги тандоо Кыргызстан үчүн башкача, дүйнөдө мындай оор пандемиянын абалы биринчи ирет жаралды. Экинчиден, ошол эле глобалдык экономикалык кризис. Мунун баары шайлоого таасир берет. Маселен, жыл башында бийликтин партиялары тоскоолдуксуз жеңишке жетишерине ишенип турса, азыр абал башка. Ошондуктан акчасынын көлөмүнө карабастан, учурда баардык партиялардын шансы бар. Бүтүн Кыргызстандын кемчилиги  ал жакка буга чейин бийликте иштегендердин чогулуп жатканында. Алар бир нече ирет депутат болушкандар. Мадумаров болсо, спикер, мамлекеттик катчылык кызматтарды аркалаган, бирок катардагы жарандардын жашоо шарты жакшы жагына өзгөргөн эмес. Ошол эле учурда Адахан Мадумаров өткөн президенттик шайлоодо Сариевден аз акча коротуп, үчүнчү орунду камсыз кылган. А бирок бул топтогу Масалиевдин, Кадырбековдун, Суваналиевдин өз электораттары бар. 

-- Узарбек Жылкыбаев, Акылбек Жамангуловдор эмнеге иштеп жаткан майлуу-сүттүү кызматтарын таштап, шайлоого катышкылары келди деп ойлойсуз? 

-- Көпчүлүк үчүн депутат болуу  наркотик сымал. Алар ансыз жашай алышпайт. Тилекке каршы, биздин саясатчылардын арасында убагында кетип, абройду сактап калуу маданияты өнүккөн эмес. Менимче, бир гана белгилүү саясатчы  Ишенбай Абдуразаков ушундай кадамга барып, бийликке жармашкан эмес. 

-- Бакыт Төрөбаев шайлоого катышпай турганын, каражатын пайдалуу ишке жумшаарын жар салды го...

-- Бакыт Төрөбаевдин кооз сөздөрүнө эмес, анын тегерегиндеги түзүлгөн реалдуу жагдайга көңүл буруш керек. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо  “Өнүгүү-Прогресс” чынында эле капчыктуу партия катары эсептелип, жарнама бөлүгүнө эң көп акча салган саясый топ болгон. Учурда алардын демөөрчүлөрү жок. Ал эми башка топко кошулса, лидер боло албайт. Балким аны чакырышкан жок, же алдыңкы ондукка кире албай калган.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер